Бишкекте аялын сабаган киши кармалды

29-апрелде соцтармактарда эркек киши аялды аёосуз ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Анда көчөдө эркек киши аялды башына уруп, жыгылган соң тепкилеген.

Октябрь РИИБи шектүү кармалганын билдирди. Милиция алардын урушу кызганычтан чыкканын, жабыркаган аял арыз жазуудан баш тартканын кошумчалады.

Милиция шектүүгө «майда бейбаштык» беренеси менен протокол түзүп, аны убактылуу кармоочу жайга киргизди. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө жүрүп жатканы айтылды.