30-апрелде Бишкектеги Октябрь райондук сотунда журналист Канышай Мамыркулова боюнча жабык сот процесси өттү. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Мамыркулованы камактан чыгаруу тууралуу өтүнүчтү сот четке какканын билдирди.
Мамыркулова СИЗОдо калтырылды. Ал кечирим сурабай турганын билдирди.
Кийинки сот 14-майда өтөт.
17-апрелде сот журналисттин үйү камакка алынганын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында билдирген.
Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, камакка алынган батир — Мамыркулованын жалгыз мүлкү. Журналист ал үйдө үй-бүлөсү менен жашачу.
Канышай Мамыркулованы милиция 20-мартта үйүнөн кармап кеткен. Милиция журналист Facebook баракчасы аркылуу «кыргыз-тажик чек арасы боюнча бурмаланган маалыматтарды» таркатканын билдирген.
Ага «Жапырт башаламандыктарга чакыруу» жана «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айып тагылган.
22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин ТИЗОго камакка алган.
Мамыркулованын өзүнүн айтымында, ага каршы кылмыш иши коомдук, саясий жана социалдык маселелерди чагылдырганы үчүн ачылган.