Активист Тилекмат Күрөңов БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгы берген башпаанек издеп жатканын тастыктаган документи бар экенине карабай, Бириккен Араб Эмирлигинен Бишкекке экстрадицияланды. Human Rights Watch уюму «Клоопко» бул эл аралык өлкөдөн «чыгарып жибербөө» принцибин бузат деп билдирди.

Укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, экстрадиция учурунда Күрөңовдун башпаанек сурап АКШга кайрылган өтүнүчү каралып жаткан. Ал эми БУУнун башкармалыгы берген кагазда аны «өз өлкөсүнө же кооптуу болгон башка өлкөгө чыгарууга болбой турганы» так жазылган.

«Ар бир башпаанек издеген адам расмий түрдө таанылган качкын сыяктуу эле «качкын” деп эсептелбей калганга чейин башка өлкөлөргө чыгарылбашы керек. [...] БУУнун башкармалыгы берген сертификат анын башпаанек сурап жатканын гана тастыктаган документ болгонуна карабай, экстрадициялоо боюнча билдирүү келип түшсө да, чыгарып жибербөө таалабын жокко чыгарбайт. Бул милдеттенме башпаанек сурагандарга да, качкын макамы барларга да тиешелүү», — деп түшүндүрүштү укук коргоочулар.

HRW уюму улуттук мыйзамдар дайыма эле башкармалыктын сертификатына баш ийе бербеши мүмкүн экенин, бирок мамлекеттер уюмдун чечимин — айрыкча «чыгарып жибербөө» маселесинде — урматтоого милдеттүү экенин белгиледи. Ошондой эле бул талаптын бузулушуна экстрадиция боюнча билдирүү жөнөткөн өлкө эмес, аны аткарган мамлекет жооптуу экенин кошумчалашты.

19-апрелде Тилекмат Күрөңов Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргызстанга экстрадицияланган — ага чейин жакындары анын дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны бир айга камакка алды. Күрөңовго «бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен айып тагылды. Эгер күнөөлүү деп табылса, 100 миң сомго чейин айыпка жыгылып, же 3-5 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Тилекмат Күрөңов деген ким?

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист жана блогер, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы өткөн нааразылык акцияларынан кийин коомчулукка таанылган. Ал ошондой эле «Ханституцияга» жана Жетим-Тоо кенинин иштетилишине каршы болгон.

2021-жылы Тилекмат Күрөңов бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жана шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылган делип бир жарым жылга соттолгон.

2022-жылдын сентябрында түрмөдөн чыгып, Кемпир-Абад иши боюнча саясатчылар менен активисттер жапырт кармалар алдында АКШга чыгып кеткен. Күрөңов муну саясий куугунтук болуп жатканы менен түшүндүрүп, кайрадан темир торго түшүп калуудан корккону үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айткан. АКШда жүрүп да ал кыргыз бийлигин сындоону уланткан. 2024-жылы Күрөңовго бийликти басып алууга аракет кылган деген жаңы айып тагылган.

2024-жылдын ноябрында Күрөңов Дубайда экени белгилүү болгон. Ал мурдагы депутат Эмил Жамгырчиевдин чакыруусу менен, оппозицияны каржылоо маселесин талкуулоо үчүн барганын айткан. Жолугушуудан соң паспорту жоголуп кеткенин айткан активист муну кыргыз бийлиги тарабынан «алдын ала пландалган атайын операция» деп мүнөздөгөн. Күрөңөв аны күч менен кайтаруу үчүн Кыргызстандан атайын учак барганын да айткан.

Жамгырчиев айыптоолордун баарын «спектакль» деп четке кагып, Күрөңовду шылуундукка айыптаган. Активист Дубайдагы убактылуу кармоочу жайга да жатып чыккан, анда аны экстрадиция кыла алышкан эмсе. Бирок минтип беш айдан кийин Кыргызстанга күчтөп алып келишти.