Ноокат: Окуучу мектепте сабалып ооруканага түштү

Image description29-апрелде Ноокат районунун Өрнөк айылында 5-класстын окуучусу классташтары тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Чыр калем талашуудан чыккан. Сабактан кийин окуучуну классташтары сабап кеткен.

Окуучу учурда Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында дарыланып жатат. Ага «баш мээси чайкалган» деген диагноз коюлган.

Ош ОИИБден аталган окуя боюнча факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Жыл башынан эле өлкө аймагында бир нече бала сабалып, арасында каза болгондор да катталды.