Свердлов райондук соту укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узартты. Мындай чечим 30-апрелде кабыл алынган.
Карасартова Бишкектеги №1 тергөө абагында калтырылды.
15-апрелге караган түнү Карасартованын үйү тинтүүгө алынып, андан кийин аны Чүй ОИИБге суракка алып кетишкен. 17-апрелде Свердлов райондук соту укук коргоочуну 12-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган эле.
Карасартовага Тилекмат Куреновдун катын Фейсбук баракчасына жарыялаганы үчүн «массалык башаламандыкты даярдоого катышкан» деген айып тагылууда.
22-апрелде Карасартованын кызы Касиет Мамырбай апасына медициналык кароого барууга уруксат берилбегенин айтып, нааразычылыгын билдирген.
ТИЗО-1дин жетекчиси Карасартовага операциядан кийинки тигиштерин алдырууга клиникага барууга уруксат болгон эмес. Бирок дарыгерди мекемеге киргизүүгө уруксат берген.
Кийинчерээк укук коргоочуга клиникага барып, медициналык кароодон өтүүгө уруксаат берилген.