Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү ооруканада жаткан мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдон кабар алды.
Айжигитов 30-апрелде президенттин иш башкармалыгындагы клиникага жаткырылган. Экс-депутат 1-майда тез жардам кызматынын ооруканасынан кароодон өткөрүлгөн.
«Институттун кызматкерлери барган учурда дарыгерлер бейтапты текшерип, анын оң колундагы гематома жана оң кашынын үстүндө сыйрылган жери аныкталгандыгы боюнча Стамбул протоколуна ылайык акт түзүп жатышкан»,
— деп жазылган маалыматта.
Айжигитов 30-апрелде саат 11лер чамасында адвокатынын үйүнүн жанынан күч менен кармалып, УКМКга жеткирилгенин айтып берген.
«Андан кийин менин жана менин аялымдын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Ал жакта ден соолугум начарлап, ооруканага жеткирилдим»,
— деген Айжигитов.
1-майда Айжигитов жана жубайы Гүлзат Жолдошова сабалганы айтылып, соцтармактарда алардын көк ала болгон сүрөтү тараган.
Активист Медербек Саидов Айжигитов менен жубайы 30-апрелде УКМК менен ИИМге суракка баргандан кийин ушул акыбалга түшкөнүн жазган. Айжигитов өзү УКМКнын кызматкерлери жубайы экөөнү кармап, суракка алып барган учурда жаракат алганын айткан.
Биринчи май райондук соту 30-апрелдин кечинде алардын бөгөт чарасын карап, 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.
УКМК Айжигитов менен Гүлзат Жолжошовага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
29-апрелде УКМКнын кызматкери Айжигитовдун үйүнө барып, жубайы экөөнү тергөөгө чакырган.
Айжигитов өзү бул иштерди саясий ишмердиги менен байланыштырып, «өзүмө эч нерсе таппай жубайыма кылмыш ишин козгоп жатышат» деп билдирген.