Өлкөдө көз карандысыз медиалардын бири «Марал» радиосу жабылганы айтылып жатат.
«Марал» радиосу Кыргызстандагы көз карандысыз медианын бири болуп саналат. Ал коомдук-саясий, социалдык жана маданий темаларда жаңылыктарды жана аналитикалык программаларды сунуштап келген.
Марал — радио, телеканал жана сайт багытында иштеген.
«Марал ТВ» 2010-жылы юридикалык каттоодон өтүп, бир жылдан кийин радиосу түзүлгөн.
Азырынча радионун жетекчилиги жабылганы тууралуу эч кандай маалымат бере элек.