Орусиянын Геленджик шаарындагы курулуш аянтчасында болгон кырсыктан үч кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.
Кырсык 4-майда болуп, дагы бир кыргыз жараны жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми маркумдардын сөөгү шаардык өлүк сактоочу жайда.
«Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгондордун жакындары менен дароо байланышып, аларга керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүү иштерин координациялоо үчүн Геленджик шаарына элчиликтин кызматкери жөнөтүлдү», — деп жазылган маалыматта.
Элчилик кырдаалды көзөмөлдөп, тиешелүү органдар менен тыгыз иштешип жатканын белгиледи.