Адвокат 20-апрелде Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу менен жолугуп чыкты. Жубайынын айтымында, 12-майда анын үй-бүлөсү менен сүйлөшүүсүнө уруксат берилет. Нурмат уулуна буга чейин да жакындары менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилери айтылган, бирок ал дале үй-бүлөсү менен сүйлөшө элек.
Нурмат уулу — түрк бийлигинин көзөмөлүндөгү «Маариф» фондунун өкүлчүлүгү эсептелген Ысык-Көлдөгү Кусейин Карасаев атындагы лицейдин мугалими. Түркияда ал окуучуларын математика боюнча олимпиадага коштоп барганда кармалган.
28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Түркияда Нурмат уулуна издөө жарыяланганын, буга анын 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракети учурунда маркум дин аалымы Фетулла Гүлендин тарапташтары пайдаланган мобилдик колдонмону пайдаланганы себеп болгонун билдирген.
Азамат Нурмат уулу 2025-жылдын башында «Маариф» фондуна өткөрүлүп берилген «Сапат» лицейинде сегиз жыл иштеген. Ага чейин Кызыл-Кыядагы «Сапатка» байланышы бар лицейлер түйүнүндө билим алып, Түркиядагы Газиантеп университетин аяктаган.
2019-жылы Түркия кыргыз бийлигинен «Сапаттын» эки тарапташын — Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди экстрадиция кылууну талап кылган. Бирок анда Кыргызстан аларды өткөрүп берген эмес.
2001-жылдан бери Гүлендин Кыргызстандагы мектептерин Орхан Инанды жетектеп келген. 2021-жылы майда аны түрк атайын кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандан уурдап кетишкен. Түркияда Инанды кыйноого кабылып, «куралдуу террордук уюмду башкаруу» айыбы менен 21 жылга эркинен ажыратылган.