Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев Ала-Арча жаратылыш паркынын 70 гектар жерин 49 жылга ижарага берүү тууралуу буйрукка кол койду.
Маалыматка ылайык, Байтик жана Кашка-Суу айылдарынын ортосунда жайгашкан жер тилкесин «ИДК групп» компаниясы ижарага алып, үч жылдын ичинде айыл, токой жана мал чарбасын изилдөө институтун курат.
Юстиция министрлигинин сайтында компаниянын жетекчиси Азамат Саалаев экени жана ал туристтерди жайгаштыруу кызматтарын көрсөтө турганы жазылган. Саалаев ошондой эле «АДК Инвест» аттуу дагы бир компанияга ээлик кылат. Ал оор жүк ташуу кызматтарын көрсөтөт. Анын эки компаниясынын тең изилдөөлөргө эч байланышы жок.