Кыргызстандык кыз «Аалам сулуусу» сынагында никеге туруу үчүн адам уурдоо көйгөйүн көтөрдү

Индияда өткөн «Аалам сулуусу — 2025» сынагына катышкан кыргызстандык Айжан Чаначаева New way аттуу даректүү долбоорун тартуулап, мажбурлап никеге туруу үчүн адам уурдоо көйгөйүн көтөрдү.

Ал 2018-жылы Бурулай Турдалиеванын жана 2021-жылы Айзада Канатбекованын кайгылуу өлүмү — өзгөрүүлөр зарыл экенин эске салган оор окуялар болгонун белгиледи.

«Изилдөөлөргө ылайык, акыркы жылдары миңдеген кыздар бул ырайымсыз тажрыйбанын курмандыгы болду. Кийин алардын көбү зомбулукка кабылып, депрессия болуп, ал эмес суицидге да барышкан», — дейт Айжан.

Анын айтымында, биргеликте кыргыз кыздарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын ар биринде тандоо эркиндиги жана маңыздуу жашоого мүмкүндүгү болгон Кыргызстанды курууга мүмкүн.

Кыз-келиндерди мажбурлап никеге туруу үчүн уурдоо — бул Кыргызстандагы реалдуу көйгөй. Көпчүлүк учурларда кызды уурдоо зордуктоо менен аяктайт, ал эми коомдун басымына туш болгон кыздар уурдаган тараптын үй-бүлөсүндө калып, токтобогон үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келет.

Азыркы иштеп жаткан мыйзамдарда мажбурлап никеге тургузуу максатында адам уурдоо үчүн 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бирок көпчүлүк учурларда мындай иштер сотко жетпей, мыйзам бузгандар тийиштүү жазаларын албай калышат.

Агрессордун жазасыз калышы — уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар. Буга Бурулай Турдалиева менен Айзада Канатбекованын окуяларын мисал кылсак болот.

Бул кыргыз кыздары сулуулук сынактарында аялдарга карата зомбулук маселесин көтөргөн алгачкы учур эмес. «Аалам сулуусу — 2022» сынагына Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Алтынай Ботоярова катышкан. Анда анын кийип чыккан көйнөктөрүнүн бири аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы күрөшкө арналган.

Ботоярова кыргызстандык соцтүйүн колдонуучуларынын сын-пикирине кабылган — алар анын көйнөгү «Кыргызстандын имиджине доо кетире турганын» айтышкан. Буга байланыштуу кыз кечирим сурап, Instagram баракчасынан ал көйнөгү менен түшкөн сүрөтүн өчүрүүгө аргасыз болгон.