Президент аскердеги «дедовщина» боюнча Ажикеевге катуу сөгүш берди

Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге «өз милдеттерин туура аткарбаганы үчүн» катуу сөгүш берди.

Буга чейин соцтармакта аскердеги «дедовщина» делген видео тараган. Анда видеону тарткан адам аскерлерди ыплас сөздөр менен сөгүп, кемсинткен.

11-майда ӨКМ окуя ушул жылдын февраль айында болгонун кабарлады.

Министрдин тапшырмасы менен иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу кызматкерлер жазаланып, айрымдары кызматтан бошотулганын билдиришти. Бирок канча адам жоопкерчиликке тартылганы так айтылган жок.

Министр Ажикеев бул окуядан кийин аскерлердин ата-энелери менен жолуккан.

«11-майда окуя тууралуу видеоматериал коомчулукка тарагандан кийин, министр Ажикеев жана биринчи орун басары Мамбетов менен аталган аскердик бөлүккө барып, аскер кызматчыларынын ата-энелери менен жолугуп, кырдаалды жеринен дагы бир ирет баалашты»,
— деп жазылган ӨКМ тараткан маалыматта.

Жоокерлерге карата зомбулук фактысы боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.