Бишкек милициясы көчөдө аялын сабаган 41 жаштагы тургунду кармады. Бул тууралуу 24.kg басылмасы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлады.
Күн мурун көчөдө күйөөсү аялын сабап жаткан учур тартылган видео соцтүйүндөргө жарыяланган.
Милициянын маалыматына ылайык, 12-май күнү эртең менен Рыскулов көчөсүндө аялын басып алып сабап жаткан жаранды көргөн күбөлөрдүн бири милиция чакырган.
РИИБден жабырлануучу арыз жазуудан баш тартканын билдиришти. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, майда бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, 5,5 миң сом өлчөмүндө айып төлөп, коомдук жумуштарга тартылып же беш суткага камалышы мүмкүн.
Зөөкүрлөр айыпты мамлекеттин пайдасына төлөп, көбүнчө бул үчүн акча үй-бүлөлүк бюджеттен алынат.
Ошол эле маалда Кыргызстанда агрессорлорго майда бейбаштык айыбын такпастан, аларды үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликке тартууга болот.
Укук бузуулар кодексинде «Үй-бүлөлүк» зомбулук беренеси бар. Ал боюнча айыпталуучуну 40 саат коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирип же үч суткадан жети суткага чейин камакка алууга болот.
Өлкөнүн Кылмыш кодексинде да «Үй-бүлөлүк» зомбулук беренеси бар. Ал боюнча күнөөлүү деп табылган жаран 40 сааттан 100 саатка чейин коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилип же эки суткандан беш суткага чейин камалышы мүмкүн.
Үй-бүлөлүк зомбулук — Кыргызстандагы олуттуу көйгөлөрдүн бири. Милиция жыл сайын аялдарга карата зомбулук боюнча миңдеген фактылар катталарын билдирип келет. Бул негизинен жабырлануучулар зомбулук жөнүндө ачык айтып чыккан же алган жаракаттарынын оордугунан улам милиция кийлигишүүгө аргасыз болгон гана учурлар. Бул тууралуу кененирээк биздин изилдөөдөн окуңуз.