13-майда Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Адвокаттар буга чейин анын камактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан Свердлов райондук сотунун чечими боюнча даттанышкан.
Карасартованын адвокаты Жаныш Бараков Kaktus.media басылмасына берген маегинде сот укук коргоочунун кармалышын бир берене боюнча мыйзамсыз, ал эми экинчи берене боюнча мыйзамдуу деп тапканын билдирди.
«Мыйзамда бир эле берене бузулган учурда бошотулушу керек экени так жазылган. Соттун эмнеге мыйзамдарды өз пайдасына чечмелеп жатканын түшүнбөй жатабыз», — деди Бараков.
15-апрелге караган түнү милиция Карасартованын үйүн тинтүүгө алып, андан соң аны суракка алып кетишкен. 17-апрелде соттун чечими менен укук коргоочу камакка алынган. Ал «жапырт башаламандыктарды даярдоого катышкан» деп айыпталууда.
Карасартова өзүнүн кармалышын Фейсбук баракчасына активист Тилекмат Куреновдун катын жарыялаганы менен байланыштырган.
Куренов БАЭде кармалып, 19-апрелде Кыргызстанга алып келинген. Ал «конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы багытталган бир катар оор кылмыштарга» шектелүүдө. Ошол эле маалда УКМК активист соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрү үчүн кармалганын кабарлоодо. Кийинчерээк Куренов соттун чечими менен камакка алынган.