Депутат Жанар Акаев 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүндө кармоо операциясы учурунда жаракат алган генерал Самат Курманкуловдун пенсиясын жогорулатууну сунуштады.
«Бүгүнкү күндө ал майып болуп калды. Ошол кишинин пенсиясы болгону 21 миң сом экен. Ал Кыргызстанда, чет өлкөдө улам дарыланып турушу керек экен. Реабилитациясына бул каражат жетишсиз болууда», — деди Акаев.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы, милициянын генерал-майору Самат Курманкулов 2019-жылы августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу учурунда башына таш тийип, жаракат алган.
Ал алгач Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, өзүнө келбей абалы оорлогондо Москвадагы Бурденко борборуна которулган. Ал жактан башына операция жасалгандан кийин 2020-жылдын апрелинде Кыргызстанга кайткан.
2021-жылы 5-мартта Курманкуловго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылган.
Ага чейин Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган — аны экс-президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.
2022-жылы ноябрда ал пенсиясын жогорулатуу өтүнүчү менен бийликке кайрылып, алган акчасы дары сатып алууга жетпей жатканын билдирген.