Ош: Мэрдин орун басарларына демөөрчүлөр жаңы унаа беришти

Ош шаарынын мэринин орун басарларына 13-майда демөөрчүлөр тарабынан жаңы кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Chevrolet Captiva» үлгүсүндөгү 6 жаңы унаа мэрдин 4 орун басарына, аппарат жетекчисине жана шаардык ички башкармалыгынынын башчысына тапшырылды.

Ал эми буга чейин колдонулган кызматтык унаалар муниципалдык ишканаларга бөлүштүрүлүп берилген.

«Мэриянын карамагында буга чейин колдонууда турган унаалар Ош мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмү, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, "Ош ТВ" телеканалы, "Ош шаардык жолдор"муниципалдык ишканасы, "Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросу" муниципалдык ишканасы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы ортосунда бөлүштүрүлдү»,
— деп жазылган маалыматта.

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарына мэр болуп кызматка келгенден кийин эки айдын ичинде эле, мэрияга демөөрчүлөр тарабынан 50дөн ашык техника белекке берилген.

Демөөрчүлөрдүн басымдуу бөлүгү — жеке ишкерлер, анын ичинде курулуш компанияларынын жана май куюу жайларынын ээлери да бар.

Мэриянын басма сөз кызматы «Клоопко» демөөрчүлөр арасында башка шаарлардан келген ишкерлер да бар экенин, техникалар өз ыктыяры менен берилгенин жана эч кандай басым көрсөтүлбөгөнүн билдирген.