УКМК казакстандык ири бизнесмен Жумабеков Ерканат Берикбаевичке издөө жарыялады. Атайын кызмат ишкерди маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шектеп жатат.
«Жумабеков Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) кылмыштуу ишмердигин билип туруп, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип, опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында Камчыбек Асанбек менен тыгыз байланышын түзгөн»,
— деп жазылган маалыматта.
УКМК казак ишкери Көлбаевдин жакын туугандарын каржылаганы аныкталганын билдирди.
«Жумабеков кылмыш дүйнөсүнүн лидери менен дос болуп, Ысык-Көлдө жайгашкан "Барс" эс алуу борборунун аймагында Камчыбек Асанбек менен бир нече жолу бош убактысын жана жолугушууларын өткөргөнү, Асанбектин жакын туугандарына Алматы шаарынын аймагына барганда ар тараптуу каржылык жардам көрсөткөнү аныкталган»,
— деп жазылган маалыматта.
Октябрь райондук соту казак ишкерине сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланды.