УКМК өзүн Камчыбек Ташиевдин уулумун деп тааныштырып, компания менен келишим түзгөн жаран кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жаран компаниянын жетекчисин алдоо жолу менен бетон үчүн химиялык реагенттерди берүүгө көндүргөн. Ал үнүн өзгөртүп сүйлөп, «Whatsapp» тиркемесине Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп алган. Алгач өзүнүн өкүлүн компанияга жөнөтүп, кийин өзү келип, келишим түзүүнү талап кылган.
«Келишимдин жыйынтыгында ишканага 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат жана аванс катары 80 миң АКШ долларынан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалар которулган», — деп жазылган маалыматта.
Шектүүгө «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.