Ак-Буурага түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн денеси табылды. Бул туурлауу ӨКМ билдирди.

Баланын сөөгү бүгүн, 16-майда саат 12:55те табылып, милиция жана маркумдун туугандарына өткөрүлүп берилди.

15-майда 13 жаштагы бала Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кетип изделип жаткан. Издөө иштерине бүгүн 250дөн ашык адам тартылган эле.