Марат Иманкулов мурдагы кызматынан бошотулуп, мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 15-майда кол койгон.
Иманкулов 2021-жылдан бери Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп келген.
Буга чейин мамлекеттик катчы болуп иштеп келген Сүйүнбек Касмамбетов 15-майда социалдык тармактагы баракчасына бул кызматтан кетип жатканын жазган.
Президенттик администрация анын башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулганын маалымдаган.