Ош: Ак-Буурага түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө

Image descriptionОшто Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен өспүрүмдү издөөгө 250дөн ашык адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ак-Буурага өспүрүм түшүп кеткени тууралуу 15-майда кабар түшкөн. Издөө иштери ошондон бери уланып жатат.

Буга байланыштүү 16-майда 09:30дан тарта Папан суу сактагычы жабылып, суу берүү убактылуу токтотулат.