✈️«Манас» аэропортунун коду BSZ болуп өзгөрөт

Image description9-августтан тарта «Манас» аэропортунун эл аралык IATA коду FRU’дан BSZ болуп өзгөрөт. Бул тууралуу 19-майда Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
 
IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылары айтылды.

«Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Манас” эл аралык аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга жымсал өтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат», – деп билдиришти агенттиктен.