Кыргызстандан Тажикстанга автобус каттамдары калыбына келтирилет

Бул тууралуу өткөн аптада Астанада Кыргызстан менен Тажикстандын транспорт министрлери макулдашты.

Маалыматка ылайык, тараптар Ош — Хожент, Баткен — Хожент жана Баткен — Исфара багыттары боюнча автобус каттамдарын калыбына келтирүү маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары Тажикстандын бийлиги Кыргызстанга жүк ташуу үчүн Согд облусундагы Спитамен — Истиклол — Спитамен темир жолун колдонууну пландап жатканы кабарланды.

13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан. Андан соң эки өлкөнүн ортосундагы дээрлик төрт жыл жабык турган «Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» өткөрмө бекеттери ачылган.

23-марттан тарта өлкөлөр 2021-жылдын май айындагы куралдуу жаңжалдан бери токтоп турган өз ара туруктуу аба каттамдарын жандандырышкан.