«Баары эле акча менен өлчөнбөйт». Архитекторлор менен сүрөтчүлөр Жапаровдон архитектура эстеликтерин бузууну токтотууну өтүнүп жатышат

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич. Баарыбыз өлөбүз: бул катты окуган сиз да, ага кол койгон биз да. Бул сөзсүз боло турган иш. Кептин баары – биздин заманыбыз өлкөнүн маданий тарыхында кандайча сакталары тууралуу болуп жатат, — деп башталат Кыргызстандын архитекторлору менен сүрөтчүлөрүнүн өлкө президентине жолдогон ачык каты.

Документке 16 киши, анын ичинде Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин имаратынын автору, архитектор, фотосүрөтчү Шайлоо Жекшенбаев, кыргыз сомунун алгачкы дизайнынын автору, сүрөтчү Дмитрий Лысогоров, фотосүрөтчү Александр Федоров жана искусство таануучу Гамал Бөкөнбаев кол койгон.

Катта алар буга чейин Панфилов музейи, Эркиндик бульварындагы тарыхый имараттардын бир бөлүгү жана «Эркин-Тоо» басмаканасы бузулганын белгилеп, Жапаровдон архитектуралык эстеликтерди жок кылууну токтотууну өтүнүшкөн.

«1920-50-жылдардагы имараттар жапайычылык менен талкаланууда. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын, эски аянттагы имараттардын, “Аркалуу үйдүн” (Чүй проспектисиндеги), “Билим коомунун» жана башка имараттардын бузулары жөнүндө маалымат каражаттары аркылуу билип жатабыз», — деп жазылган катта.

Авторлордун пикиринде, бузулган архитектуралык эстеликтердин ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруп, пайда көрүүнү пландап жаткандарга алардын «материалдык эмес баалуулуктары маанилүү эмес».

«“Билим коому” – биздин шаарда сакталып калган конструктивизм стилиндеги эки имараттын бири. Анда согуштан кийинки ата мекендик илимди даңзалаган көрүнүктүү инсандар өз өнөрлөрү менен өзгөчөлөнүшкөн. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы — 1930-жылдардагы архитектуралык эстелик гана эмес, улуттук музыканын тарыхы жана анын алдыңкы өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон жай. [...] Бишкектин Эски аянтындагы имараттарда өлкөбүздүн саясий тарыхы топтолгон. Аны жоготуу коомубуз үчүн кооптуу», — деп жазылган катта.

Соңунда авторлор баары эле акча менен өлчөнбөй турганын белгилеп, президенттен архитектуралык эстеликтерди бузууну токтотууну өтүнүшкөн.

Жапаровдун тушунда Бишкекте бир нече тарыхый имарат бузулду. Алардын арасында «Ак Кула» ат майданы, Панфилов дивизиясынын музейи, «Ысык-Көл» мейманканасы жана ВДНХ сыяктуу имараттар бар. Булардын айрымдарынын ордуна көп кабаттуу турак жайлар менен бизнес-борборлор курулуп жатса, мейманкана менен ВДНХ президенттин жаңы кеңссесин жана конгресс-холл куруу үчүн бузулду.

Өткөн жылы жайында Экономика министрлиги «шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында» мамлекетке таандык тарыхый-маданий мурастардын имараттарын инвесторлорго берүүнү сунуштаган. Кийинчерээк бийлик мындай имараттарды инвентаризациядан өткөрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болуп, Кыргызстандын коммунисттери Бишкектин Эски аянтындагы имараттар тарыхый эстеликтер тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Мындан тышкары «Кыргызфильмдин» өкүлдөрү бийликтин алардын имаратын бузуп, ордуна мамлекеттик ипотекалык турак жайларды куруу планына даттанышкан. Ал арада киночуларга жаңы имарат куруп берүү убадаланып, аларга ошол жерге көчүп баруу сунушталууда.