Орусиянын күч түзүмдөрү орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган 80 миңден ашык мигрантты аныктады. Бул тууралуу өлкөнүн Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин 20-майда Санкт-Петербургдагы эл аралык юридикалык форумда билдирди.
«Биз орус жарандыгын алган мындай 80 миңдей адамды кармадык. Алардын согуш тургай, аскер комиссариаттарына да баргысы келбейт. [...] Биз эмнегедир Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда жашагысы келбеген мындай 20 миңдей Орусиянын жаш жаранын согушка жөнөттүк», — деди Бастрыкин.
Ал орус жарандыгын алуу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Курск облусундагы Суджа шаарын украин аскерлеринен бошотуу операциясына катышкан тажикстандыкты мисал келтирди.
Орусиянын күч түзүм кызматкерлери байма-бай рейддерди өткөрүп, анын жүрүшүндө орус жарандыгы бар мигранттарды аскер комиссариаттарына алып кетип турушат. Алар мигранттарды жарандыктан ажыратуу менен коркутуп, Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлаган учурлар белгилүү. 2024-жылдын аягында телеграм-каналдарда аскердик кийимчен адамдар мигранттарга депортациянын ордуна Украинадагы согушка барууну сунуштап жатканы тартылган видео тараган.
Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, өлкө жарандарынын башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга катышуусуна тыюу салынат. Бул үчүн 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Буга чейин бул берене Сирияда согушкан кыргызстандыктарга колдонулуп келсе, Орусия Украинага толук масштабдуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан кийин Украинадагы согушка катышкан кыргызстандыктарга карата колдонула баштады.