ЖК комитети порносайттарга тыюу салуу сунушун биринчи окууда жактырды

20-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Кыргызстанда порносайттарды бөгөттөө тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Документтин максаты — «коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо».

Демилгечилердин айтымында, жалпыга жеткиликтүү сайттардагы порнографиялык контенттен улам «адамдардын руханий-адеп-ахлактык, моралдык жана этикалык аң-сезими бузулууда».

Документтин авторлорунун бири, депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, документте «порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент» деген түшүнүктү так аныктап, аны Кыргызстандын интернет мейкиндигинде таркатуу үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушталууда.

Демилгечилер интернет-провайдерлерди, хостинг-провайдерлерди жана сайттардын ээлерин эскертүү берилгенден кийин бир сутканын ичинде порнографилык контентти өчүрүүгө милдеттендирүүнү каалашат. Бул талаптан баш тарткан же контентти кечирээк өчүргөн учурда сайттын иши эки айга токтотулушу ыктымал. Ошол эле маалда сайттын иши тыюу салынган контент өчүрүлгөндөн кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн.

Авторлордун маалыматына ылайык, азыркы мыйзамдар порнографиялык материалдарды өлкөгө алып кирүүгө, даярдоого жана пропагандалоого тыюу салат, бирок мындай материалдарды интернетте жайылткандарды жазалабайт. Маматалиев мыйзам долбоорунда дал интернет-провайдерлердин жоопкерчилиги жөнүндө кеп болуп жатканын белгиледи.

Документте ар бир жаран тиешелүү органдарга кайрылып, мындай контенттин жайылуусун токтотуу боюнча чара көрүүнү өтүнө алары белгиленген.

Депутаттар буга чейин да порноконтентке каршы күрөшүүгө аракет кылышкан. 2023-жылы бир катар парламентарийлер Кыргызстанда порносайттарга тыюу салууну сунушташкан.