Парламент Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына артыкчылыктарды берүүнү колдоду

Парламенттин 21-майдагы жыйынында депутаттар «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.

Документте парламенттин мурдагы спикерлерине «Жогорку Кеңештин экс-төрагасы» макамын, ошондой эле алардын өздөрүнө жана жубайларына өзүнчө артыкчылыктарды берүү сунушталган.

Алардын арасында дипломатиялык паспортторду алуу жана акысыз медициналык кызматтар менен пайдалануу артыкчылыгы да бар. Ошондой эле документте мурдагы төрагаларга аэропорттордун, темир жол бекеттеринин жана станциялардын расмий адамдары менен делегацияларына арналган залдарын акысыз пайдалануу мүмкүндүгүн берүү каралган.

Буга чейин Минкаб бул демилгени колдогон эмес. Өкмөттөн мыйзам долбоору парламенттеги башка депутаттарга карата теңсиздик жаратышы мүмкүн экенин белгилеп, анын кабыл алынышын «максатка ылайык эмес» деп аташкан. Мындан тышкары экс-спикерлерге каралып жаткан кошумча чыгымдар үчүн бюджетте акча да жок экени айтылган. Анда документтин авторлорунун бири Улугбек Ормонов керектүү каражатты төраганын резервдик фондунан алууну сунуштаган.

Кыргызстанда экс-президенттерге гана бир катар артыкчылыктар берилген. Мыйзамга ылайык, алар өмүр бою кол тийбестик, мамлекеттик күзөт, медициналык тейлөө, акчалай камсыздоо, мамлекеттик дачалардын бирин алуу сыяктуу бир топ артыкчылыктарга ээ. Булардын баары мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Учурда экс-президент макамы Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо гана бар, калган мурдагы мамлекет башчылары мындай макамдарынан ажыратылган.