Буга чейин ур-токмокко алынган сүрөтү соцтармакка тараган аялды сабоого шектелип күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жубайлар жарандык никеде жашап келгени айтылды.
Шектүүгө «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. 38 жаштагы аял күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин 2 күн үйдө жардамсыз жатканын айтып берген.
22-майда жабырлануучу менен акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жолугуп, анын ишин көзөмөлүнө алган.
Дарыгерлер аял келген учурда баш мээси чайкалып, бетинде гематомалар жана жаракаттар болгонун билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында мурду, тиши жана бетинин сол тарабындагы сөөк үч жерден сынып, эки көзү жабыркаганы аныкталган.
Ленин РИИБдин маалыматына ылайык бул факт катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Уурда тергөө иштери уланууда.