Бишкек ШИИБи: Атамбаевдин адвокатынан өлкөдөн чыгууга салынган тыюуну алуу боюнча өтүнүч келген эмес

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы социал-демократ Кадырбек Атамбаев менен анын партиялаштарына карата тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынганын билдирди. Анын алкагында саясатчынын мамлекеттик чек арадан өтүшүнө чектөө киргизилген.

ШИИБден бул чектөө алынбаганын жана Бишкек милициясына аны алуу боюнча Атамбаевдин адвокатынан өтүнүч келбегенин белгилешти.

Буга чейин Кадырбек Атамбаев тыюудан улам бир сутканын ичинде эки жолу өлкөдөн чыгып кете албаганын билдирген. Анын айтымында, адвокаты өлкөдөн чыгууга салынган тыюуну алып салууну тергөөчүдөн алдын ала эле талап кылган. Ал тыюу бир ай мурда, сот аяктагандан кийин дароо алынышы керек болгонун белгилеген.

Атамбаев ошондой эле социал-демократтардын ишинде ал күбө катары гана өткөнүн кошумчалаган.

Былтыр 13-ноябрда — шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого бир нече күн калганда милиция «Социал-демократтардын» Бишкектеги кеңсесин тинтүүгө алган. Андан кийин партия лидери Темирлан Султанбеков жана анын партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер добуш сатып алуу иши боюнча камакка алынган. Мындан улам партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилген.

24-апрелде сот Султанбековду, Карамушкинаны жана Түрксеверди үч жылдык пробация менен бошоткон.