УКМК Оштун казысы Мирлан Токтомушев кармалганын ырастады

УКМК Ош казыятынын башчысы Мирлан Токтомушев кармалганын ырастады. Токтомушев жана казыяттын башка кызматкерлери мечит жана медреселерден мыйзамсыз акча чогултууга шектелүүдө.

Атайын кызматка арыз түшкөндөн кийин, бул иш боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, “Д.Б.Х.” жана “С.А.К” аттуу кызматкерлеринин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү» — деп жазылган маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында акча чогултуу фактысы аныкталып, 2 кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.