‼️«Клооптун» дагы бир кабарчысы жана мурда иштеп кеткен кызматкери УКМКда суракта

«Клооптун» журналисти Айдай Эркебаева Бишкекте, УКМКда сурак берип жатат.

Ошондой эле, УКМК басылманын мурдагы кызматкери Зара Сыдыгалиеваны суракка алып жатат. Сыдыгалиева 2023-жылы иштен кеткен болчу.

Кыздардын кармалганынын себеби айтылган жок. Журналисттерге адвокаттарды киргизбей жатышат.