«Клооп» басылмасынын мурдагы жана учурдагы кызматкерлерин суракка алуу, үйлөрүн тинтүү жана кармоо учурлары дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндөгү эл аралык укук коргоо уюмдарынын көңүлүн бурду. Алар журналисттерге каршы жасалып жаткан иштерди кандай кабыл алды? 

«Көз карандысыз журналистиканы жок кылуу»

Amnesty International уюму «Клооптун» учурдагы жана мурдагы кызматкерлеринин камалышын кескин сынга алды.

«“Клооптун” журналисттеринин кармалышы — Кыргызстандын коопсуздук кызматы башкача ой-пикирдегилерди кысымга алуу жана көз карандысыз журналистиканы жок кылуу үчүн колдонулуп жатканынын дагы бир ачык мисалы. Бул аракеттер сын көз караштагыларды коркутуу багытталып жатканы айкын», — деп билдирди Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс.

Аталган уюм «Клооптун» оператору Александр Александров менен мурдагы оператор Жоомарт Дуулатовду бошотууну талап кылды. Amnesty International уюмунан журналисттерди кармоо, юристтер менен жолугууга тыюу салуу, уруксатсыз тинтүү — адам укугун бузуу экенин баса белгилешти.

«Бул камоолор — коррупция менен бийликтин аша чабуусу жөнүндө айта алган ЖМКга каршы күчөп жаткан кеңири масштабдагы куугунтуктоо кампаниясынын бир бөлүгү», — деп эсептейт аталган уюм.

«Кыргыз бийлигинин “Клооптон” кун куугандан өч алуусу»

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлиги басылманын кармалган бардык журналистин бошотушу керек деп билдирди.

«Өткөн жылы “Клоопту” мажбурлап жапкандан кийин, азыркы жана мурдагы сегиз кызматкерин кармоо жана журналисттер Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду “шыкакчылыкка” айыптоо — кыргыз бийлигинин өкмөттөгү коррупцияны сындап чагылдырганы үчүн “Клооптон” кун куугандай өч алуу аракетинин аябагандай күчөшү болуп эсептелет», — деди CPJ уюмунун программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.

Ошондой эле аталган уюмдан «Клооптун» операторлоруна каршы жасалган иш  Temirov Live басылмасына байланышы бар журналисттерди куугунтуктоо ишине окшош экенин белгилешти.

IFEX көз карандысыз бейөкмөт уюмдардын дүйнөлүк түйүнү да CPJ’нин билдирүүсүн колдоду.

«Кармоолор өч алуу үчүн атайы уюштурулган»

Эл аралык басма сөз институту (IPI) да «Клооптун» журналисттеринин кармалышын айыптап, Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду бошотууну талап кылды.

«Бул кармоолор атайын эле уюштурулган жана маанилүү журналисттик ишмердигине байланыштуу “Клооп” менен анын журналисттеринен өч алуу үчүн укуктук жактан жасалган куугунтукту жана кылмышка кириптер кылуу аракетин жайылтууга багытталган», — деди IPI уюмунун аткаруучу директору Скотт Гриффен. Аталган уюм президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Кыргызстанда көз карандысыз журналисттерге жана бийликти сындагандарга карата кысым күчөгөнүн белгиледи.

Human Rights Watch уюму ачык кайрылуу жасап, «Клооптун» журналисттерине коюлган айыптарды алып салууга чакырды. Аталган катка башка да он эл аралык уюм кол койду — Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча Хельсинк фонду (HFHR), Araminta, Норвегиянын Хельсинки комитети, Freedom For Eurasia, Civil Rights Defenders, People in Need, Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), жана Адам укуктары үчүн күрөшкөн эл аралык федерация (FIDH).

Каттын ээлери Кыргызстандын бийлигин «Клоопко» жана анын кызматкерлерине болгон куугунтукту дароо токтотууга, кармалган журналисттерди бошотууга, ЖМК кызматкерлерин коргоо жана басма сөз эркиндигин камсыздоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууну талап кылды.

«“Клооптун” кызматкерлерин куугунтуктоо — Кыргызстандагы бардык көз карандысыз жактар үчүн жүрөктүн үшүн алган белги жана мыйзам үстөмдүгү менен демократияга болгон тикелей коркунучтун бир бөлүгү болуп эсептелет», — дешти кайрылуунун авторлору.

Алар ошондой эле Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүн — өзгөчө Европа Биримдигин — эл алдында бекем позицияда болуп, өлкөдө көз карандысыз журналистиканы жок кылуу аракетин токтотууну талап кылууга үндөдү.

«“Клооптон” колуңарды тарткыла!» — деди норвегиялык Хельсинки комитетинин саясий маселелер боюнча улук кеңешчиси Ивар Дале катка комментарий берип.

«Клооптун» журналисттерин кармоо

28-29-май күндөрү УКМК «Клооп» менен байланышы бар деп 10 адамды — учурдагы, мурдагы кызматкерлерди жана басылмага тиешеси жок, бирок “Клооптун” журналисти менен мурдагы операторунун жанында жүргөн эки кишини кармады.

«Клоопко» тиешеси жок адамдарды коё беришти, бирок тинтүү учурунда алынган техникаларын кайтарып беришкен жок. Ошондой эле, видеоредактор жана оператор Александр Александров менен мурдагы оператор Жоомарт Дуулатовдон башка бардык кызматкерлерди да бошотушту.

Көп өтпөй УКМК кээ бир коё берилген мурдагы жана учурдагы кызматкерлерди жасабаган нерселерин мажбурлап мойнуна алдырганы тартылган видео жарыялады — аларды иликтөөчү журналист Болот Темиров каржылаган имиш. Ошондой эле алар «Клооп» менен иштешпей турганын айтууга мажбур болушкан. Болот Темиров кармалгандар ал менен кызматташканы тууралуу маалыматты четке каккан. Негизи, Кыргызстанда иликтөөчү журналист менен иштешүүгө тыюу салган эч кандай мыйзам жок.

Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров тартылган эч кандай видео жарыяланган жок. Соттун чечими менен экөө тең УКМКнын ТИЗОсуна 21-июлга чейин камакка алынды. Адвокат бул чечимге каршы апелляциялык азыр берерин билдирди жана алар акталат деп үмүттөнөт. Негизи «Массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси менен иш козголгону белгилүү — бирок, журналисттер эч кандай башаламандыкка чакырык жасаган эмес.