Бишкек шаардык сотунун коллегиясы апелляциялык арызды канааттандыруудан баш тартып, «Клооптун» видеооператору Александр Александровду камакта калтырды. Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим 23-июнда кабыл алынган.
Азырынча «Клооптун» мурдагы видеооператору Жоомарт Дуулатовдун бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арыздын каралган-каралбаганы белгисиз. Буга чейин «Апрель» басылмасы менен укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова шаардык соттун 23-июнга белгиленген соту болбой калганын билдиришкен.
Дуулатов менен Александров УКМКнын ТИЗОсунда 2025-жылдын 30-майынан бери камакта отурат. 17-июнда Александр Александровдун адвокаты Кайсын Абакиров УКМКнын жаңы ТИЗОсундагы оңдоо иштерине байланыштуу ага жолуга албай жатканын билдирген.
УКМК кызматкерлери Александров менен Дуулатовду «жапырт башаламандыктарга чакырык жасоого тиешеси бар» деген шек менен 28-майда кармаган. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүрүп, техникалары алынган. Өздөрү суракка жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камалган. Сурактар адвокаттардын катышуусусуз өткөн. 30-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 21-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камоо чечимин чыгарган.
28-29-май күндөрү Ош жана Бишкек шаарларында «Клооптун» дагы үч азыркы жана мурдагы кызматкерлери, ошондой эле алардын эки досу да кармалган. Баары тең адвокаттардын катышуусусуз алты саатка жакын суракка алынган — бул Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин одоно бузуу болуп эсептелет. Жыйынтыгында бешөө тең бошотулган.
Мындан тышкары басылманын кеңсе-менеджери менен эсепчилери да суракка алынып, үйлөрү тинтилген.
«Клооптун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынышын укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде «Чек арасыз кабарчылар» (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) айыптап, кыргыз бийлигин кармалгандарды бошотууга жана «Клооп» менен анын кызматкерлерине карата куугунтукту токтотууга чакырышкан.