«Бийлик алмашат деген түшүнүктөн коркушат». Рита Карасартова абактан кат жазды

Укук коргоочу Рита Карасартова (Рахман) оппозициячыл көз карашы үчүн абакка түшкөнүн айтты. Бул тууралуу жазылган катты Карасартованын кызы Касиет Мамырбай жарыялады

«Чынымды айтсам, Тилекмат Куреновдун иши боюнча ТИЗОдо отурам го деп ойлогом, бирок айыптоочу акт колума тийгенде менин ишимде Тилекмат жок экенин көрдүм. “Анда эмнге ТИЗОдо отурасың?” — дейсизби. Өзүмдүн оппозициячыл көз карашым менен, акыры Кыргызстанды бийлик алмашууга жеткирүүгө болгон күчүмдү жумшап жатканым үчүн. Дегеле бийлик алмашышы мүмкүн деген түшүнүк өйдө жакта отургандардын жүрөгүнүн үшүн алат экен», — деп жазды Карасартова, 16-июлда ТИЗОдон жазган катында.

Ошондой эле ал тергөөгө көмөктөшүп жаткан эксперттер тууралуу кеп козгоду. Укук коргоочулар, активисттер, журналисттер жана бийликтин дарегине сын айткан жарандарга карата козголгон иштерде дал ушул экспертизалар далил катары пайдаланылат. 

«Кимдир бирөөнү камаш керек болсо, башкысы эксперт табыш керек, а айыптаганга берене табылат Алгач лингвисттер болчу, азыр саясат таануучулар тартыла баштады. Эми экөө тең [жапырт башаламандыкка же бийликти басып алууга] чакырык жок деп айткан сайын, психологдор жардамга келе баштады. Соцтармакка жарыяланган посттордон бийликти кулатууга чакырыкты, катышууну, ойлорду жана ниеттерди дагы таап чыгышууда», — дейт ал. 

Буга чейин Карасартованын иши жашыруун каралат деп айтылып, ал эми ишти кароону судьянын кезмети алмашканына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырышкан

Рита Карасартова «массалык башаламандык уюштурууга аралашкан» деп айыпталып, апрелдин ортосунда кармалган. Ошондон бери абакта. 

Адвокаты Жаныш Бараков буга чейин тергөөчү таянган материалдар укук коргоочуга байланышы жок экенин, абактагы мөөнөтүн узартууга негиз боло албасын айтып чыккан. 

Башында укук коргоочу өзүнүн кармалышын фейсбукка активист Тилекмат Куреновдун катын жарыялаганы менен байланыштырган. Анда Куренов жакындарына кайрылуу жазып, кокус бирдеке болсом элге чыгарыңыз деп суранган болчу. Апрель айында Тилекмат Куренов дайынсыз болуп жатканда укук коргоочу катты соцтармакка чыгарган.  

Куренов өзү 19-апрелде БАЭден Кыргызстанга алып келинген. Ага «конституциялык түзүлүшкө доо кетирүүгө багытталган бир катар оор кылмыштар» боюнча айып тагылып жатат. Ал эми УКМК болсо Куренов соцтармактагы посттору үчүн кармалганын айтууда. Кийин соттун чечими менен Куренов камакка алынган. Ал БУУга кайрылып, качкын катары кабыл алууну суранганы белгилүү.