«Клооптун» мурдагы оператору: Басылма менен эч бир байланышта болгум келбейт

«Клооптун» мурдагы кызматкеринин мындай каалоосун редакцияга ТИЗОдогу күйөөсүнөн кат алган жубайы жеткирди. 

«К[...] , бир айласын таап “Клооптун” жетекчилигине байланышып, кечке эле баары жаман деп тажатпасын, айтып койчу. Мага эле жаман болот, узарып кете берет. Бул уюм менен мындан ары эч кандай байланышта болгум келбейт», — деп айтылат кол менен жазылган катта. 

«Клооптун» видеооператору Александр Александров менен мурдагы оператору Жоомарт Дуулатовду УКМК 28-майда «массалык башаламандыктарга чакырууга» шектеп кармаган. Күч кызматкерлери алардын үйүн тинтип, техникасын алып, өздөрүн УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүнө жеткирген. Кийин экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Суракка адвокаттар киргизилген эмес.

30-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык өткөн отурумда Александров менен Дуулатовду 21-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камоо чечимин кабыл алган. Александр Александровдун адвокаты Кайсын Абакиров 17-июнда УКМКнын ТИЗОСунун жаңы имаратындагы оңдоо иштеринен улам кардарына жолуга албай жатканын айтып чыккан. Ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, адвокатка муктаждарга тоскоолдуксуз кирүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн. Көп өтпөй Александров жактоочусуна жолуккан.

Абакиров президент УКМК төрагасына жана президент Садыр Жапаровго дагы кайрылып, Александров тергөө жана сот менен жигердүү кызматташып жатканын, процесстин жүрүшүнө таасир этүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып өткөн. 

«Кармалгандан бери анын үй-бүлөсү моралдык жана эмоционалдык оор абалда [...] Ал видео оператор, материалдын мазмунун редактирлөөгө тиешеси жок, анын милдети тек гана иштин техникалык бөлүгүнө байланышкан. Пландоого катышкан эмес, редакциялык саясатты аныктоого аралашкан эмес, редакциянын атынан материал жарыялоого тапшырма бере алмак эмес жана журналист катары эч жакта сөз сүйлөгөн эмес. Александро — биздин өлкөнүн катардагы жараны, «Клооп Медиа» жана «Коомар Медиа» коомдук фондуларынын негиздөөчүлөрү, Болот Темиров менен эч кандай байланышы жок. Аталган уюмда эмгек келишиминин негизинде иштеп келген», — деп жазылган кайрылууда.  

Ошондой эле, 28-29-май күндөрү Ош жана Бишкек шаарларында «Клооптун» дагы үч азыркы жана мурдагы журналисти жана аларды коштоп жүргөн эки досу кармлаган. Алардын баары алты саат адвокатсыз суракка алынган — бул Жазык процессуалдык кодексин одоно бузуу болуп эсептелет. Кийин кармалгандар камерага кечирим сурап, андан соң гана бошотулган. 

Андан тышкары басылманын кеңсе-менеджери менен эсепчиси сурак берип, үйлөрүндө тинтүү жүргөн. «Клооптун» техникалык кеңсесинде дагы тинтүү жүрүп, жабдуулар жана финансылык документтерди алып кетишкен.

20-июлда «Манас» аэропортунда жеке иштери менен сапарга чыккан «Клооптун» мурдагы фрилансери кармалган. Аны да УКМКга алып кетишип, адвокаты жок бир нече саат суракка алган соң бошотулган. 

«Клооптун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин кармалышын укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар сынга алышкан. Анын ичинде «Чек арасыз кабарчылар» (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) бар. Уюмдар «Клооптун» кармалган кызматкерлерин бошотууга жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.