«Клооптун» иши: Айыпталуучулардын саны төрткө жетти

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 5-август күнү массалык башаламандыктарга чакыруу боюнча кылмыш ишинин биринчи отуруму өттү. Бул иштин (40-берене жана 278-берененин 3-бөлүмү) фигуранттары «Клооптун» мурдагы эки оператору Александр Алесандров менен Жоомарт Дуулатов, ошондой эле эми эки эсепчиси.

«Азаттык» басылмасы отурумда мамлекеттик айыптоочу айыптоолорду окуганын жазды. Ал эми «Арча Медианын» маалыматы боюнча, прокурор Темиров Live менен бирге жасалган журналисттик иликтөөлөр «маалыматты бурмалайт жана бийликти алмаштырууга чагымчылдык кылат» деген айыпты окуду

Ошондой эле, отурумда Александровдун адвокаты Кайсын Абакиров соттон кардарын үй камагына чыгарууну суранды. Абакиров Александров үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу экенин жана банктардын биринен алган насыясы бар экенин баса белгиледи.

Сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган жок, Александров камакта калды. Бул иш боюнча кийинки отурум 1-сентябрга, саат 15:00гө белгиленди. 

Журналисттердин кармалышы

«Клооптун» видеооператору Александр Александров менен мурдагы оператору Жоомарт Дуулатовду УКМК 28-майда «массалык башаламандыктарга чакырууга» шектеп кармаган. Күч кызматкерлери алардын үйүн тинтип, техникасын алып, өздөрүн УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүнө жеткирген. Кийин экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Суракка адвокаттар киргизилген эмес. 30-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык өткөн отурумда Александров менен Дуулатовду 21-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камоо чечимин кабыл алган.

Ошондой эле, 28-29-май күндөрү Ош жана Бишкек шаарларында «Клооптун» дагы үч азыркы жана мурдагы журналисти жана аларды коштоп жүргөн эки досу кармлаган. Алардын баары алты саат адвокатсыз суракка алынган — бул Жазык процессуалдык кодексин одоно бузуу болуп эсептелет. Кийин кармалгандар камерага кечирим сурап, андан соң гана бошотулган.

Андан тышкары басылманын кеңсе-менеджери менен эсепчиси сурак берип, үйлөрүндө тинтүү жүргөн. «Клооптун» техникалык кеңсесинде дагы тинтүү жүрүп, жабдуулар жана финансылык документтерди алып кетишкен.

Кийин 20-июлда «Манас» аэропортунда жеке иштери менен сапарга чыккан «Клооптун» мурдагы фрилансери кармалган. Аны да УКМКга алып кетишип, адвокаты жок бир нече саат суракка алган соң бошотулган.

«Клооптун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин кармалышын укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар сынга алышкан. Анын ичинде «Чек арасыз кабарчылар» (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) бар. Уюмдар «Клооптун» кармалган кызматкерлерин бошотууга жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.