Саламатсыздарбы! Буга чейин «Клооптун» катачылыктарын айтып берүүнү убада кылгам. Бүгүн 2011-жылы болгон бир катабызды баяндап берем.
Анда сөз башынан болуш үчүн, алгач бир окуяга токтолом.
2010-жылы Кыргызстанда революция болуп, «Клооп» абалды жигердүү чагылдырып турган. Революциянын өзөктүү окуялары 7-апрелде болгону менен, бир күн мурда, 6-апрелде Талас шаарында нааразылыкка чыккандар менен милиция алгач ирет кагылышкан. Талас облусундагы абал бийликтин көзөмөлүнөн толук чыгып кеткен.
Биз дароо эле Таластагы абал боюнча жаңылык чыгара баштадык. Башка кыргызстандык ЖМКлар, айрыкча мамлекеттик каналдар 6-апрелдин окуяларын дээрлик чагылдырган эмес. Көбүнчө бийликтин коркутууларынан улам карманышкан. Ошондуктан 7-апрелдин таңына чейин өлкөнүн эң кыйчалыш мезгилинде маалыматтын жалгыз булагы биз болгонбуз десем аша чаппайм.
Ушундан кийин бизге өлкөнүн негизги ЖМКнын бири катары мамиле кыла башташты. Тез арада аудиториябыз көбөйдү. Грант берген уюмдар биздин кеңейишибизге инвестиция салууга кызыкдар болуп калышты.
2010-жылдын аягында үч жаңы кеңсе ачууга грант алдык: Ошто, Дүйшөмбү шаарында жана Алматыда. Биздин Казакстан менен Тажикстандагы долбоорубуз ишке ашкан жок, бирок бул өзүнчө колонканын темасы.
Оштогу кеңсе 2025-жылга чейин иштеди. Быйыл гана, УКМК кызматкерлерибизди жапырт кармап баштаганда жабууга аргасыз болдук.
УКМК кызматкерлери жана Ош шаары тууралуу бүгүн айтып берем.
«Клооптун» тең негиздөөчүсү Бектур Искендер менен 2011-жылы январда Ошко бардык. Бул административдик сапар болчу — биз жаңы кеңсе ачалы деп барганбыз.
Керек болот деген ойдо чакан видеокамера алып алганбыз — азыркыдай смартфондор чыга элек болчу.
Ал кезде Ошто абал чыңалуу бойдон. Этностор аралык кандуу кагылышуудан болгону жети ай өткөн. Буга кошумча, жергиликтүү бийлик менен Бишкектеги жаңы бийликтин тирешүүсү күчөп турган.
Күндөрдүн биринде, Бектур экөөбүз ишке байланышкан жолугушууда отурганбыз. Ошол кезде Ошто кызыктай митинг башталды. Биз угаар замат камерабызды көтөрүп жетип бардык.
Андай митингди мен мурда-кийин көргөн эмесмин. Элестетсеңиз: бир нерсеге ачуулаганган эркектердин жооп тобу турат. Үндөшпөйт, бирок аябай чечкиндүү.
Бардыгы формачан, анткени протестке чыккандар милиция кызматкерлери болчу. Кыргызстан үчүн башкача көрүнүш, өзгөчө 2011-жылы.
Милициялар шаардык ички иштер башкармалыгынын жанына чогулуптур. Элүү метр арыда, көчөнүн аркы бетинде УКМК башкармалыгы жайгашкан. Биз дароо эле камерага тартып, интервью ала баштадык.
Көрсө, мурунку түнү УКМК эки милиционерди кармаптыр. Митинг ушуга байланыштуу экен.
Биз камерага тартып отуруп, УКМКнын имаратына жакындап калдык, бирок анда эч ким жок сыяктуу. Жапызыраак имарат, темир дарбаза, анын каалгасы ачык турат. Күзөтчүлөр деле, кызматкерлер деле көрүнбөйт. Эч ким жок.
Бир маалда, кайдан-жайдан белгисиз аялдардын тобу пайда болду. Кыйкырып, ыйлаган аялдар дарбазадан кирип эле эшиктерди тарсылдата башташты. Мен тосмодон өтүп, алар менен кошо кирип, камерага тартып жаттым. Ушундайга да реакция кылышпайбы деп таң калып коем.
Булар кармалган жана берки милиция кызматкерлеринин жакындары экен.
Бир нече мүнөттөн кийин УКМКнын эшиги күч менен ачылып, кызматкерлери чуркап чыгышты. Алар жанагы кыйкырган аялдарды жулмалап сыртка чыгара баштады. Мен мунун баарын камерага тартып жүрсөм, бирөө мени байкап калды.
Мен камераны Бектурга бергенге үлгүрдүм, ал тосмонун артында болчу.
Мени УКМК имаратына сүйрөп кирип кетишти. Бектурду кармай алышкан жок, анткени дарбазаны аялдар тороп алган болчу.
Мени кабинетке жеткенче эле тепкилей башташты.

Кабинетке жеткенде УКМК кызматкерлери мени отургузуп, бирок урганын токтоткон жок. Деги канчасы уруп жатканын да түшүнбөй жаттым.
Бөлмөдө беш адам болсо, ар бири кезектешип урушту. Улам алмашып, бири чыкса бири кирет. Бирөө беткапчан, дагы бирөө куралчан, айрымдары бетин деле жашырган жок.
Таңкалганым, анча катуу урушкан жок. Коркунучтуу кыйноо деп айта албайм. Бир нерсе сурап, кайра бир уруп. Бир аздан соң кайра суроо берип, кайра уруп. Башка-көзгө азырак, көбүнчө моюнга, далыга муштайт.
Мен нес болуп калдым. Жөн эле жашап, күлүп, бир нерсеге кызыгып жүрсөм, бир секунд өтпөй токмок жеп атам.
Бул атайын тактика экен — мен муну азыр түшүнөм. Көп жылдар аралыгында иштелип чыккан тактика. Кармаган учурда шектүүнү нес абалга түшүрүп, анан суроо беришет. Мындай абалда адам билгенин гана айтпастан, болушунча ишенчээк, сезимтал болуп калат экен.
Мен ал кезде көп нерсени түшүнчү эмесмин. Адвокат талап кылууга аракет кылдым. «Мыйзам бузуп жатканда адвокатың жок эле го», — дешти мага.
Тез эле алдыма кагаз-калем коюп, эмне болгонун жаз дешти. Эмне деп жазам десем: «Кантип эшикти бузуп, УКМК имаратына кирүүгө аракет кылганыңды жазасың», — деп жооп беришти.
Азыр ойлосом, антип жазсам эмгиче эле абакта жатсам керек. УКМК кеңсесине чындап бастырып киргенде олуттуу берене менен жазалансам керек эле.
Мени буга чейин сурактагы жүрүм-турум тууралуу окуган маалыматтар сактады. Эң башкысы, негизги эреже — колуңа кагаз-калем берип, бир нерсе деп жазууга мажбурлай турган болсо, калемге колуңду да тийгизбеш керек.
Кармалгандан кийин бир сааттай бир гана сурактагы инструкцияны ойлонуп аттым. Бирок ошол жердеги кызматкерлер бир нече күн болсом, каалаган кылмышты, керек болсо Кеннедини мен өлтүргөм дегенге даяр болмокмун.
Мен эс-учумду жоготумуш болдум. Алар эсиме келтиребиз деп жатышты. Бирөө кытыгылай баштады, бактыга жараша менин кытыгым жок. Бирок кайра эсиме келгендей түр кылдым.
Дагы бир ойлонбогон кадамга барып, бир жаштагы кызым тууралуу айта берипмин. Оюмда, наристе кыздын атасын кантип урушсун десем керек? Алар таасирленген жок окшойт. Ийнин куушуруп, анын эмнеси бар дегенсишти. Мен эмне күткөм билбейм. Сурак бергенде оюңа ар нерсе келе берет экен.
Бир маалда телефонумду кайтарып беришти. Мен Бектурга чалышым керек болчу. Алар камераны көтөрүп качканын көрүшкөн болчу. Буларга ошол видео керек эле. Алардын басымы менен Бектурга камераны алып кел, сага тийбейт деп чалдым.
Алар айт дегенди айттым. Мени куткарам деген ой менен Бектур камераны алып келди. Дароо кармашты дагы, камераны тартып алышты.
Бектурду да ошол жерден сабап киришти.

Бектурга кыргызча сүйлөп жатышты. Мени таңкалтырып, Бектур дагы кыргызча жооп берип жатты. Буга чейин эне тилинде жакшы сүйлөй албайт го деп ойлоп жүрчүмүн. Башыма бир ой кылт этти: адамды ушинтип өз тилинде сүйлөтсө болот тура.
Бектурду дагы бир нерсени мойнуна алдырууга аракет кылышты. Узун чачынан улам, ТИЗОго киргенде зордуктатабыз деп убада кылышты.
Мен дагы деле эч нерсе жазбайм деп ойлодум. Бир маалда мага узун темир көтөргөн бирөө келип, тишиңди көрсөтчү деди. Тиштенген бойдон оозумду ачпай койдум.
Телефондорубуз дале ошол кабинетте турган. Бир маалда тынбай СМС келе баштады. Жогоруда айткандай, смартфондорубуз жок эле, кадимки кнопкалуу телефондор. Бирок ошол кезде эле «Твиттерге» СМС аркылуу кошулган кызмат бар болчу.
Телефондорубуз ошого байланган: биз жөнүндө «Твиттерге» жазышса дароо СМС менен мазмуну кошо келчү.
СМСтин добушуна кыжырданган кызматкерлердин бири телефонду ачып, билдирүүнү үнүн чыгарып окуп кирди: «Шашылыш билдирүү!!!0312661455 жана 0322223078 телефондору аркылуу УККнын тынчын алабыз. Бул УККнын Бишкек жана Оштогу кабылдамасы.@bektour @Rinatius экөөнү кармап кетишти!!!».
УКК — УКМКнын эски аббревиатурасы, 2010-жылдын декабрь айына чейин колдонулчу.
УКМК кызматкерлери мындай «тынчын алууга» жана жайнаган СМСке даяр эмес эле. Дароо эле бизди урганын токтотушту.
Бир маалда Бектурду башка бөлмөгө алып кетишип, бирок экөөбүздү эки башка суракка алып жатышты. Кызматкерлердин тону дароо өзгөрдү.
Эми кылмышты мойнуңарга аласыңар дебей эле, «силерге дооматыбыз жок» деп жазгыла деп суранышты. Эгерде жазып берсек дароо, бүгүн бошотобуз деп убада кылышты.
Албетте, буга ишенүү кыйын болчу. Бирок биз тез бүтүрүп, кеткибиз келип жатты. Бизди кыйнагандарды эмес, башка адамдарды дагы көргүбүз келди. Мен калемди алып, «УКМК кызматкерлерине эч кандай дооматым жок» деп жазып бердим.
Анан бизди бошотушту.
Баягы дарбазадан ачуу тийген Оштун күнү, адвокаттар менен укук коргоочулар тосуп алышты.
Бектур мен ойлогондой дабдыр эмес экен. Мени УКМКда уруп-сабап жатканда камерадагы жазууну көчүргөнгө үлгүрбөптүр. Бирок андан да маанилүү ишти аткарыптыр.
Ал бир нече укук коргоочу уюмдарга, башка медиада иштеген 2-3 журналистке телефон чалууга жетишиптир. Ошондуктан, биз чыкканда бир эмес эки адвокат камданып туруптур.
Активисттердин бири «Твиттерге» жанагы «тынчын алабыз» деген билдирүүнү жазыптыр. Күлбөгүлө, бирок ошол твитте бир да жактыруу жок — «Твиттерде» лайк койгон функция төрт жылдан кийин пайда болгон.
Ал кезде «Твиттер» Кыргызстандагы бир ууч адамга гана белгилүү болчу — бирок алар өтө таасирдүү адамдар эле. Арасында бийликте отургандар да бар. Кыргызстанда «Твиттердин» активдүү колдонуучусу залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова эле. Анда Айтматова парламенттин депутаты болчу.
Биздин бактыбызга, ал парламенттик жыйын учурунда биз тууралуу твитти окуп калат. Ошол жыйында УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев депутаттарга отчёт берип жаткан болот.
Айтматова ага Оштогу журналисттердин кармалышы боюнча суроо берет. Ал эч нерсе билбейт, бирок дароо УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн башчысына телефон чалып, тез арада бошотууну талап кылат.
Бошотулгандан кийин УКМКнын имаратынын алдында, адвокаттарыбыз менен сүйлөшүп турганбыз. Бир жагынан, тезирээк ушул жерден кетип, жагымсыз окуяны унуткубуз келсе, экинчиден окуяны жыйынтыктап, чекит койгубуз келет.
Бир маалда жолтандабас келип токтоп, андан УКМКнын Оштогу башкармалыгынын башчысы түштү. Ал милиция кызматкерлеринин митинги боюнча шашылыш басма сөз жыйын өткөрүү үчүн келиптир.
Биз кайра УКМКнын ичине кирдик, бирок бул жолу журналист катары өз эркибиз менен.
Басма сөз жыйын өзгөчө өтүшү керек эле — анткени коррупциялашкан милиция жөнүндө болмок. Бирок журналисттер кармалган кесиптештери — биз тууралуу сурап туруп алышты. Биз болсо УКМКнын Ош башкармалыгынын башчысынын жоопторунун бирине чыдабай күлүп жибердик. Ал аябай ачууланды.
Басма сөз жыйындан кийин ал кишиге жолуктук. Дароо эле иш бөлмөсүнө чакырды. Бир кызыктай сүйлөшүү жүрдү. Бизге эмне керек экенин билгиси келди. Коркуп тургандай сезилди.
Кызматкерлердин бирин жазалайлы деп сунуштады. Бирок биз аларды таанып, көрсөтүп бере алмак эмеспиз. Негедир ошол мүнөттөрдө УКМК шарттуу түрдө кимдир бирөөнү жазалашын каалабай турдук.
Камераны кайра бергиле деп талап кылдык. Беришти, албетте ичин тазалап коюшуптур. Кийин атайын софттун жардамы менен дагы видеону калыбына келтире албай койдук. УКМК кызматкерлери ошол кезде эле маалыматты изи жок тазалаганды билчү.
Ош УКМКнын башчысы бизден кечирим сурады. Эртеси күнү Оштогу жумуштарыбыз аяктап, Бишкекке кайтып келдик.
Бул биз кетирген катачылык жана өкүнүч тууралуу окуя. Эмнеден ката кетирдик? Эмнеге өкүнөбүз?
«Клоопту» түптөгөнүмө өкүнөмбү? Кыргызстанда журналистика менен алектенүүгө аракет кылганыма өкүнөмбү? Жок, өкүнбөйм.
Ошко учуп барганыма жана ал жактан кеңсе ачканыма өкүнөмбү? Жок, өкүнбөйм.
Митингди камерага тартканыма өкүнөмбү? Жок, өкүнбөйм, мен баарын туура кылгам.
Кармалганыма өкүнөмбү? Албетте, жагымсыз болгон, бирок ал дагы тажрыйба. Балким, натыйжасы мага пайдалуу болгондур.
Анда эмнеге өкүнөм?
Мен андан кийинки иштериме өкүнөм. Балким Бектур экөөбүз өтө чоң ката кетиргенбиз. Балким ошол катачылык үчүн өмүр бою жооп беребиз.
Анткени, биз «Клоопту» ачканда айнектей тунук болгубуз келген. Биз муну идеалдуу журналистика деп ойлочубуз. Биз болуп жаткан окуяларды тек гана чагылдырып, өзүбүз эч нерсе кошпогонго умтулчубуз.
Ошентип УКМКнын кыйноосу тууралуу жазган эмеспиз.
Бир нече жолу интервью берсек дагы майда-баратына токтолгон эмеспиз. Физикалык жана моралдык күч колдонуу болгонун айткан менен, сүрөттөп берген эмеспиз. Эч кимдин үстүнөн арызданган эмеспиз. УКМКнын жетекчилиги же кызматкерлеринин ичинен эч кимиси жазаланган эмес. Бул тууралуу «Клоопко» да бир сүйлөм жазган жокпуз.
Бул коркоктук эмес — мындан мурун, андан кийин деле канча курч иликтөө жасадык. Өтө курч темада, коркунучтуу адамдар тууралуу деле жазгандан корккон эмеспиз.
Тескерисинче, сыймыктанчубуз. Муну үлгүлүү журналисттин иши деп баалачубуз.
Чагылдырып жаткан окуя менен ички сезимдерибизди аралаштырган жокпуз. Анткени УКМКга карата калыс болбой калабыз дедик. Андыктан «Клоопко» дагы жазганыбыз калыстык болбойт дедик.
Мен көрсө «акмак» болгон экем.
Мен өзүмдү өзүм куттуктап, ажыдаардын оозунан дээрлик жаракаты жок суурулуп чыктым деп ойлодум. Көрсө өзүмө жөнөкөй суроолорду берсем болмок экен. Көрсө окуяга сырттан карап түшүнүү керек болчу экен.
УКМК кызматкерлери автоматтык түрдө эле билгенин кылышты. Эч убакта ушул кылганым туурабы же туура эмеспи деп ойлонуп отурган жок. Калыптанып калган схема менен иштешти.
Анткени бул процесс качан эле автоматташып калган. Бул эмнени түшүндүрөт?
Атайын конвейер бар, биз ошол конвейердин бир чекесине ойлобогон жерден барып калыппыз. Анан кандайдыр бир ийгилик жылмайып, түшө качтык.
Биз Кыргызстандагы каардуу реалдуулукка бет келгенибиз менен, көргөнүбүздү жазган эмеспиз. Ал тургай, жазбай, жарыя кылбаганыбыз үчүн өзүбүздү мактадык.
Анткен менен, кызматкерлердин адаттары күн сайын кайталанган аракеттерден калыптанат эмеспи. Мындай уруп-сабоо күндө боло берип, өздөрү деле көнүп калышкан. Же Оштогу кандуу кагылышуудан кийи УКМКга адамдарга ушундай мамиле кылууга уруксат бергенби?Баарын кыйнагыла; күнөөсү барын да, жогун да.
Андай мамиледен кийин, ар бир адам кандай кылмышты да мойнуна алат.
Биз көз алдыбыздагы тозокту байкабай калыппыз.
Биз калыс болбой калабыз деп ойлоптурбуз. Көрсө, мындайда адам калыс болушу мүмкүн эмес экен. Бул система менен бетме-бет келишпеген адам, анын канчалык коркунучтуу экенин билбейт. Ичинен көргөндөр — же ошол системанын мүчөсү же болбосо жүрөгү түшүп, сүйлөгөндөн коркот.
Биз ичинен бир саамга эле көрдүк. Бизге окшогондор аз аябай.
Албетте, биз дагы корктук. Нес абалда калдык. Бирок Роза Отунбаева бийликте турганда, УКМК төрагасы парламентке баш ийип, отчет берип турганда өзүбүздү колго алышыбыз керек эле.
Балким, ошондо баарын ачык айтып чыксак, ичинде көргөнүбүздү сүрөттөп берсек, кыйноого кабылган башка каармандарды тапсак, бул залалдуу шишиктен арылат белек?
Бирок биз оозубузду жаап отуруп алдык. Куру намыс үчүн. Жакшы иш кылып жатабыз деген ой менен, чоң ката кетирдик.
Азыр эми айланпа кайра келди. Кыргызстанда «клоопчулар» кармалды.
Бирок УКМК деген залалдуу шишик мурдагыдан да чоңойду. УКМКдан өлкөнүн түштүк аймагы эле эмес, баары коркот: депутаттар коркот, бизнесмендер коркот, адвокаттар коркот, жарандык коом да коркот.
Бүткүл Кыргызстан, элдин баары зыркырап коркот. Каалаган кишиге келет, кимди болбосун кармайт. Каалаган шылтоо менен.
Күн сайын атайын кызматтын кызматкерлеринин кастасы өсүп жатат. Алар ар бир кишиге каалаганын кыла алат.
Албетте, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кылмышкерлер гана камалат деп айтып келет. Баарына — өзүнүн кол алдындагыларга, сотторго — дайыма адамды ак жеринен күйгүзбөгүлө, адилет карагыла деп кайрылат.
Бирок мен ага ишенбейм.
Балким чын жүрөктөн айтып жаткандыр. Бирок, сен, каалаган адамды кармап, анын эркин сындырган системаны түзгөн болсоң, бул система автопилот режимде иштеп калат.
Камчыбек Кыдыршаевич, сиз карапайым адамдарды кыйнабагыла деп жатасыз. Ошол жөнөкөй адамдын кыйналганын кайдан билесиз? Аны кыйноого алышса, ал баарын мойнуна алса, адвокатка, ЖМКга кайрылбаса… Эгерде сот кызматкерлериңизден коркуп эле өкүм чыгарып, азыр ал киши абакта жатса кантип билесиз?
Биз мындан өткөнбүз, бирок азыр мурдагыдан да катаал болду. «Клоопчуларды» кармамак тургай, абакка салышты. Мага кылмыш иши козголду. Журналисттердин көбүн соккудан алып чыгып кеттик, шүгүр.
Бирок мен мурдагы катачылыгымды терең түшүнгөм, андыктан аны кайталабаска аракет кылам.
Мен баарын ачык айтам.
Түшүнөм: башкалар коркуп жатат. Мен түшүнөм: башкалар менден да оор абалды. Бирок мындан дагы коркконум: репрессиянын кийинки айлампасы мындан да жаман болот.
Ии баса, албетте, мен ойдогудай калыс боло албайм. Бирок мындай абалда унчукпай коюу калыссыздыктан дагы жаман.