Каракол шаарында укук коргоочу Камил Рузиев кармалды. Милиция аны 150 миң сом опузалоого шектеп, кылмыш ишин козгоду.
Тергөө органдары арыз ээси М.Е аттуу жаранга 30 000 сом бергенин, калган сумманы алып жаткан жеринен М.Е жана К.Р, тактап айтканда Камил Рузиев кармалганын айтты.
Рузиев зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын укугун коргоп жаткан. Рузиевдин жакындары зордуктоого шектелип жаткан М.О. аттуу кишинин энеси жабырлануучунун таекеси менен укук коргоочуга иштин жабуу үчүн акча сунуштаганын «Клоопко» айтып беришти.
«Милиция кызматкерлери Рузиевди атайылап жабырлануучу тарап менен кошулуп акча опузалагандай түр кылышыптыр», — дейт жакындары. Зордукталган кыздын таекеси да ага кошулуп кармалды.
Рузиев менен Каракол шаарынын күч органдарынын ортосунда көптөн бери пикир келишпестик болуп келет. 2015-жылы укук коргоочуну милиция кызматкерлери кыйноого алып, мындан ары Караколдогу ТИЗОнун ишин текшербейм жана жабырлануучулардын укугун коргобойм деген тил кат жазууну талап кылганы боюнча маалымат тараган. Кийин Рузиевдин кыйноого кабылганы боюнча иш кыскарып кеткен.
Андан тышкары, Рузиев кыйноого, акча опузалоого кабылган чет элдик жарандын укугун коргогон. Бул окуядан кийин аны Токушев аттуу милиционер курал менен коркутканын айтып чыккан. Мындан улам милиционер кызматтан четтетилген болчу.
Укук коргоочу тергөөчү коркутуп, кыйноого алганы боюнча арыз менен УКМКга жана прокуратурагы кайрылган. Бирок укук коргоо органдары эч кандай чара көргөн эмес. Рузиев болсо УКМК кызматерлеринин аракетсиздигине арызданган.
2020-жылы майда Рузиевди укук коргоочу үстүнөн арыз жазган УКМК кызматкерлери менен байланыштагаы тергөөчүлөр кайрадан кармашкан.
Кармалган күнү УКМК аны опузалоого айыптаган пресс-релиз тараткан. Атайын кызмат сотто эч нерсе далилдей албаган соң, укук коргоочуну «документ жасалмалоого» — медициналык маалымкатты — айыптоого аракет кылган. Кийин УКМК Рузиев кызыкчылыгын коргоп жаткан үч кыргызстандык катышып, аны алдамчылыкка айыптаган видео жарыялаган. Бирок бул окуядан кийин видеодогу аялдардын бири УКМК ушундай каралаган видео жазууга мажбурлаганын эл алдында айтып чыккан.
Кийин экспертиза Рузиев медициналык маалымкатты жасалмалабаганын аныктап, сот актаган. Айыпатоочу тарап соттун актоочу өкүмүнө даттанууга аракет кылган. Ошентип 2023-жылы январда Жогорку сот Рузиевди бардык айыптоолор боюнча актап чыккан.