Эл аралык басма сөз институту «Клооптун» иши боюнча өкүмдү кооптуу прецедент деп атады 

Эл аралык басма сөз институту (IPI) 22-сентябрда «Клооптун» иши боюнча чыккан өкүмдү сынга алган билдирүү таратты. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чолпонай Уметалиева басылманын мурдагы төрт кызматкерин «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Судья эки оператор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду беш жылга эркинен ажыратып, эки бухгалтерди үч жыл пробацияга кескен.

Сот өкүмүнө комментарий берип жатып,  IPI уюмунун укук коргоо ишмердүүлүгүнүн Чыгыш Европа боюнча жетекчиси Кароль Лучка «негизсиз айыптоолордон» кийин кабыл алынган мындай өкүм өлкөнүн саясий жетекчилигинин басымынан улам болушу мүмкүн деген шектенүүсү менен бөлүштү. Анын пикиринде, «Александров менен Дуулатовго ушундай өкүм чыгаруу менен, Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн көз карандысыз ЖМКна каршы каардуу репрессияларына кезектеги мыйзамсыз кадамын койду».

«Мурдагыдай эле, ЖМК кызматкерлери көз карандысыз журналистиканын негизин түзгөн аракети: сын көз караштагы материал даярдаганы, бийликтин жогорку катмарындагы коррупцияны ашкерелегени үчүн соттолду. Бул жолу судьялар мурдагыдан ашып түшүп, эч кандай далилдер, өндүрүштө айыпталып жаткан видеоматериалдарга таптакыр катышы жоктугуна карабай айыптоочу өкүм чыгарды. Бул чечим Кыргызстанды жалданма соттордун дооруна кайра алпара турчу кооптуу прецедентти пайда кылат», — деп билдирди ал.

Буга чейин «Клооптун» мурдагы кызматкерлерине чыккан өкүмдү Human Rights Watch, Amnesty International, Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), «Чек арасыз кабарчылар» жана Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму сынга алган. Алар кыргыз бийлигин соттолгондорду бошотууга чакырган. Андан тышкары ондогон ЖМК өкүлдөрүнөн жана республиканын активисттеринен турган Кыргызстандын Медиа платформасы сотко кайрылып, «Клооптун» иши боюнча чечимди кайра кароого чакырган.

«Клооптун» мурдагы эки оператору менен эки бухгалтерин сот массалык башаламандыктарга чакырык беренеси боюнча, операторлор дагы, бухгалтерлер дагы тиешеси жок беш видео үчүн күнөөлүү деп тапты. Иштин материалдарындагы беш видеону иликтөөчү-журналист Болот Темиров даярдап, өзүнүн Temirov Live YouTube-каналына жарыялаган. Темиров өзү да мурда «Клооптун» экс-операторлору менен да, бухгалтерлери менен да тааныш эметигин бир нече жолу кайталаган. Ошондой эле каналындагы контентти толугу менен өзү даярдай турганын жарыялаган.

Эксперттер аталган видеолордон башаламандыкка түз чакырыктарды тапкан эмес, бирок эксперт-лингвист Таалайбек Абдыкожоев Болот Темировдун видеолорундагы «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек» деген ураанда чакырык болушу ыктымал деген тыянакка келген. Анткен менен, эксперт өзү да Болот Темировдун видеолоруна экспертиза жүргүзүлсө, бул иште «Клооптун» кандай катышы бар экенин түшүнө алган эмес.

Тергөө болсо Болот Темиров кандайдыр бир материалдарды «Клооптун» жетекчилигине берет, алар өз кезегинде операторлорго жеткирет деген оюнан кайтпай койгон, бирок далилдей алган эмес — анткени иштин материалдарындагы материалдар «Клоопко» жарыяланган эмес болчу. Ошондой эле, тергөө Болот Темиров «Клоопту» каржылайт деген маалыматка элди ишендирүүгө аракет кылган. Бирок бул жүйөсүн да далилдей алган эмес.

Тергөө кылмыш ишинин бир дагы жүйөсүн далилдей алган жок, ал эми операторлор буга чейин аларды үй камагына чыгуу үчүн күнөөнү мойнуңарга аласыңар деп мажбурлашканын айтып беришкен.