
10-сентябрда Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги шаардын көркү болгон — 7-кабаттуу «Ош нуру» мейманканасын жеке тарапка сатканын билдирген.
Бул совет мезгилиндеги «Интурист» мейманканасы. 90-жылдары аталышын өзгөртүп, 2003-жылы болсо менчиктештирилип кеткен. Ага жергиликтүү ишкер жана саясатчы Нургазы Айдаров ээлик кылып калган.
2024-жылы августта УКМК Айдаровго издөө жарыялаган. Ага уюшкан кылмыштуу топторду (УКТ) каржылаган, кримтөбөл Камчы Көлбаев жана өзбек кримтөбөлү Салимбай Абдувалиев (Салим бойвачча) менен байланышы бар деген айып тагылган.
Милициянын мурдагы башчысы Жалил Атамбаев, экс-депутат Нургазы Айдаров, кримтөбөл Салимбай Абдувалиев
2024-жылы декабрда УКМК «Ош нуру» мейманканасын мыйзамсыз менчиктештирилген объект катары мамлекеттин карамагына конфискациялаган — бул кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана акчалардын изин жашыруу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргөн. Ошол кезде отелдин баасы 18 млн доллардан ашат деп баалашкан.
Эми болсо, мэр Токторбаевдин айтымында, «Ош нуру» жеке тарапка болжол менен 13 млн долларга сатылды. Бул улутташтырып жаткандагы суммадан 5 млн долларга арзан.
«Клооп» «Ош нуру» сатылары жөнүндө аукционду таба алган жок. Аукцион боюнча ачык булактарда дагы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин электрондук соода аянтчасында дагы маалымат жок.
Бирок негиздөөчүлөр тууралуу документтерде, 2025-жылы 3-сентябрда «Ош нуру» ЖЧКсы кайра каттоодон өткөнү белгилүү болду. Кыязы дал ошол учурда мейманканасынын жаңы кожоюндары Кыдыралиев Тельман Нурманович, Ибраимова Асель Турдубековна жана Кыдыралиева Гүлзат Кенжебаевна болгон сыяктуу.

Асель Ибраимова тууралуу маалымат табууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Тельман Кыдыралиев менен Гүлзат Кыдыралиева экөө тууган болушу ыктымал. Экөөнө дагы бир Winterlux ЖЧК деп аталган биргелешкен фирма таандык.
Тельман Кыдыралиев — Башкы прокуратуранын өзгөчө маанидеги иштер боюнча мурдагы улук тергөөчүсү Манас Кыдыралиевдин иниси жана бизнес-өнөктөшү.
Манас Кыдыралиев 2012-жылы, Кыргызстандын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын башчысы жеке өзү, Бишкекте мас абалында, жасалма номур тагылган унааны башкарып жүргөн жеринен колго түшүргөндө таанылган. Бирок белгисиз таасирдүү адамдар телефон чалгандан кийин бошотулган.

2010-жылы Кыдыралиев Максим Бакиевдин банктардагы махинациялары боюнча кылмыш ишин иликтеген. ЖМКлар кылмыш иштеринин бирөө да сотко жетпей калганын жазышкан. Ал эми «Манас Банк» банкынын мурдагы кожоюну, Максим Бакиевдин үзөңгүлөшү деп айтылып жүргөн Валерий Белоконь Манас Кыдыралиевди 650 миң доллар опузалады деп айыптаган. Акысына тергөөчү Белоконго кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча иш козгобойм деп убада берген. Белоконь буга макул болбой, натыйжада ага иш козголгон.
2016-жылы банкир Айбек Бекболотовдун туугандары Манас Кыдыралиевдин бир туугандарына — Тельман, Таалайбек жана Кеңешалы Кыдыралиевдерге — нааразылыгын айтып арызданышкан. Алардын айтымында, үчөө тең банкир Бекболотов менен бала кезинен дос. 2011-жылы Бекболотов алар менен бирге «Алтын капитал» микрокредиттик компаниясын ачкан.
Бекболотовдун өнөктөштөрүнүн арасында Манас Кыдыралиев өзү да бар болчу. «Алтын капитал» аркылуу микрозайм берүү үчүн, бир тууган Кыдыралиевдер банктан 800 миң доллар кредит алышкан. Бирок салык төлөбөш үчүн, акчаны расмий каттабай, тааныштарына бере башташкан.
Бекболотовдун туугандарынын айтымында, 700 миң доллар өлчөмүндөгү дагы бир займды Кыдыралиевдер мунай тармагындагы «БНК» компаниясынан алышкан. «БНК» компаниясын Максим Бакиев менен байланыштырып келишет. Бул Манас Кыдыралиев эмгектенген Башкы прокуратура Бакиевдердин үй-бүлөсүнө каршы кылмыш иштерин иликтеп жаткан мезгилге туура келет.

«БНК» берген акчаны Кыдыралиевдер кайрадан эле тааныштарына кредитке беришкен. Ал эми кредитти төлөй турган учур келгенде, Кыдыралиевдерге байланышы бар кишилер акчаны кайтарбай турганы билинген. Натыйжада банкка жана «БНК» компаниясына ишкерлер өздөрү карыз болуп калышкан.
Бул карызды бир тууган Кыдыралиевдер Бекболотовго оодарып, аны акчаны өзү алды деп айыптоого аракет кылышкан. Ошентип, туугандарынын айтымында, Бекболотов ТИЗОго түшүп калган.
Бекболотовдун туугандарынын айтымында, иш иликтенип жатканда Манас Кыдыралиев тергөөгө басым көрсөткөн. Алар ЖМКга кайрылгандан кийин, Бишкектин прокурору Манас Кыдыралиев аралашкан Бекболотовдун кылмыш ишин иликтөө үчүн тергөө-оперативдик тобу түзүлгөнүн жарыялаган.
Эми болсо, бул иштин фигуранттарынын бири Тельман Кыдыралиев Оштун борборундагы мейманкананын кожоюну экени белгилүү болду. Мейманкананы болсо УКМК башка менчик ээсинен тартып алган. Мамлекет «Ош нуру» отелин ага арзан саткан.