Сыймык Нарынбек уулу журналисттерге маек куруп, Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы карындашы уурдалып, зордукталып анан өлтүрүлгөнүн айтып берген. Соцтармактын колдонуучулары милициянын ишине кине коюп, кызуу талкуу жаралгандан кийин Нарынбек уулу кармалып, кылмыш иши козголду.
Кыргыз ЖМКларына берген интервьюда Нарынбек уулу маркумдун туугандары ошол эле күнү издөө иштерин баштаганын айтып берген. Анын айтымында, милицияга кайрылышканда жергиликтүү бөлүм үч күндөн кийин гана изделерин айткан. Андан соң кыздын жакындары Жети-Өгүз райондук милициясына арыз жазып, алар дароо издеп, шектүүнү кармашкан.
Көп өтпөй соцтармакта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) дарегине сын-пикир жаай баштаган.
Жооп катары ИИМ видео тараткан, анда Нарынбек уулу Сыймык маркум менен туугандыгы жок экенин, ЖМКга маек бергенде жалган фактыларды айтканын, мунун баарын хайп үчүн жасаганын айткан.
Бирок каза болгон кыздын энеси менен таежеси эл алдында Нарынбек уулу менен тууган экенин тастыкташты — окуя тууралуу журналисттерге айтып берүүнү өздөрү суранганын кошумчалашты.
Нарынбек уулу видеодо айткандардын канчалык чындыгы бар жана ага басым болгонбу же жокпу — белгисиз.
Эртеси күнү милиция ага «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо» үчүн иш козголуп, кармалганын билдирди.
Мекемеден Айсулуунун агасымын деген жигиттин милиция издөө иштерин дароо баштаган эмес дегени жалган экенин айтышууда.
«Анда каргашанын чоо-жайы боюнча анык маалыматы болгон эмес, оюнан чыгарган билдирүүлөрдү таркатуу менен коомчулукту адаштырып, дүрбөлөң салган», — деп түшүндүрдү ИИМ Нарынбек уулунун кармалышын.
Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Барскоон айылындагы үйүнөн чыгып, коңшу айылдагы курбусуна барам деп айткан. Эки күндөн кийин кызды уурдап, зордуктап, андан соң өлтүрүп коюшканы белгилүү болгон.
Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайда. Ал күнөөсүн мойнуна алып, иш козголду.