Адвокат Кайсын Абакиров 6-октябрда «Клооптун» журналисттерине Бишкек шаардык сотуна Биринчи май райондук сотунун басылманын мурдагы төрт кызматкерине чыгарган айыптоочу өкүмгө аппеляция бергенин билдирди. Буга чейин райондук сот эки оператор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду беш жылга эркинен ажыраткан, ал эми эки бухгалтер үч жылга пробацияга кесилген.
«Клооптун» мурдагы төрт кызматкерин сот массалык башаламандыктарга чакырык беренеси боюнча, операторлор дагы, бухгалтерлер дагы тиешеси жок беш видео үчүн күнөөлүү деп тапкан. Иштин материалдарындагы беш видеону иликтөөчү-журналист Болот Темиров даярдап, өзүнүн Temirov Live YouTube-каналына жарыялаган. Темиров өзү да мурда «Клооптун» экс-операторлору менен да, бухгалтерлери менен да тааныш эместигин бир нече жолу кайталаган. Ошондой эле каналындагы контентти толугу менен өзү даярдай турганын жарыялаган.
Тергөө кылмыш ишинин бир дагы жүйөсүн далилдей алган эмес, ал эми операторлор буга чейин аларды үй камагына чыгуу үчүн күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгонун айтышкан.
Буга чейин «Клооптун» мурдагы кызматкерлерине чыккан өкүмдү Human Rights Watch, Amnesty International, Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), «Чек арасыз кабарчылар» жана Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму сынга алган. Алар кыргыз бийлигин соттолгондорду бошотууга чакырган. Андан тышкары ондогон ЖМК өкүлдөрүнөн жана республиканын активисттеринен турган Кыргызстандын Медиа платформасы сотко кайрылып, «Клооптун» иши боюнча чечимди кайра кароого чакырган.