Бизнес-джет, №1 борт, Шордун самолёту. Садыр Жапаровду ташыган учактар

Илан Шордун учагы 

Жакында эле Молдованын журналисттери президент Садыр Жапаров молдовалык бозгун олигарх, санкциялардын каарманы Илан Шордун бизнес-джетинде учуп жүрөт деген маалымат чыгарышкан. Анда Gulfstream G450 бизнес-джети тууралуу сөз болгон. Журналисттердин маалыматына караганда, Жапаров бул учакты расмий сапарларга жана жеке учууларына пайдаланат. 

Анткен менен, президенттер иш сапарларына бизнес-джетти пайдаланган салт көптөн бери бар. «Клооп» Жапаровдун учуулары тууралуу маалымат топтоп, өлкө башчысы кайсы учактарды пайдаланганын айтып берет. 

Бизнес-джеттер 

2021-жылы ноябрда Жапаров бизнес-класстагы Embraer Lineage 1000 учагы менен Глазгодогу климатка арналган Глобалдык форумга учуп барган. Анда президенттин басма сөз кызматынан, ошол кездеги №1 борт ТУ-154 учагы Евробиримдик менен Улуу Британиянын техникалык нормаларына туура келбегендиктен, Глазгого конууга болбосун айтып, бизнес-джетти ижарага алууга мажбур болушканын түшүндүргөн.  

Самолёт кимден ижарага алынганын жана канча каражат сарпталганын бийлик ачыктаган эмес. ЖМКлар болсо учакты ижарага алууга саатына 12 миң евро кеткенин жазышкан. 

2022-жылы февралда дал ушундай эле менчик учак менен президент Бээжинге, Олимпиада оюндарынын ачылышына, андан кийин Анкарага учуп барган. Ошол эле жылдын күз айларында президент Bombardier Global Express XRS  менчик джети менен АКШга, БУУнун Нью-Йорктогу Башкы ассамблеясына катышуу үчүн барган. ЖМКлар бир тарапка учуу үчүн эле 100 миң еврого жакын каражат сарпталганын жазышкан

Анда президенттин басма сөз кызматынан кыргыз тарап күйүүчү майды гана төлөгөнүн, учуу акысыз болгонун билдиришкен. «Эгерде кыргыз тарап жактырса, ушул учакты лизингге сатып алабыз»,— дешкен анда басма сөз кызматтан. 

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ошондо мындай учуулар «артыкчылык эмес, мамлекеттик зарылчылык» экенин айтып чыккан. Байсалов бардык тармакта, социалдык-экономикалык, аскердик жана саясий-дипломатиялык жааттагы мамлекеттин потенциалын бекемдөө үчүн өлкө жетекчилиги мындан ары күч жана каражатты аябай турганын баса белгилеген. 

«Биз жакырлык синдромунан чечкиндүүлүк менен арылдык жана күчтүү, өнүккөн өлкөнү куруп жатабыз», — деген ал. 

2022-жылы күзүндө президент Embraer Legacy 600 бизнес-джетинде коңшулаш Казакстанга учуп барган. Ал эми жыл аягында Жапаров жеке бизнес-джет менен Катарга учкан. Анда өлкө башчысынын басма сөз кызматы Катарга президент жумушчу сапарына барганын, бирок футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык оюндарын көрүүгө үлгүргөнүн жазган. 

Ошол кездеги президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жеке бортту лизингге алуу процедуралары жакында аяктай турганын, Bombardier Challenger же Embraer Legacy экөөнүн бири тандаларын айткан. Бирок Кыргызстан кийин башка эле самолет сатып алды. 

2023-жылдын аягында Кыргызстан 8-11 адам бата турган Beechcraft King Air 360 учагын сатып алган. Учак өлкө ичинде же коңшу республикаларга учууга арналган. Президенттин администрациясынан учакты Минкаб мүчөлөрүн аймактарга ташууга пайдаланышарын, алардын ишин эффективдүү кылууга багытталганын белгилешкен.  

Журналист Болот Темиров учакты 8 млн доллар бюджеттик каражатка алынганын жазган. Президенттин администрациясы болсо самолёт «Манас» аэропортунун кирешелерине алынганын айтып, бирок сумманы тактаган эмес. 

Жаңы №1 борт

2024-жылы жазында өлкө жетекчилиги үчүн бюджеттик каражатка Airbus A320 алынган. 2002-жылы чыккан учакты мамлекеттик делегацияларды жана өлкөнүн биринчи адамдарын ташууга пайдаланышат. 

Башкача айтканда, Airbus A320 мурдагы президенттик биринчи борт Ту-154 учагынын кызматын аткарат. Садыр Жапаров чет өлкөгө такай ошол учак менен барат, бирок бийлик ушуга чейин жаңы №1 борттун баасын ачык айтпай келет.