Бир нече ай мурда, Кыргызстандагы экинчи ири базар Кара-Сууда жүрөк үшүн алган окуя болду. Базарком Нурбек Эргешов «доля» бербегени үчүн соодагерди ур-токмокко алган. Бир нече күндөн кийин тараптар «элдешкен», бирок жараштык деген видеодо бир гана Эргешов сүйлөп, жабыркаган киши үндөгөн эмес — айласы кеткендей абалда отурган. «Клооп» Кара-Суу базарынын айланасындагы окуялардын чоо-жайын билип көрүүнү чечкен. Көрсө, жакында болгон улутташтыруу деле андагы кландык эрежелерди өзгөртө албаптыр. Тескерисинче башаламандык күч алган.

«МУШТУМУ ЖАНА ТЕЛЕФОН МЕНЕН УРГАН»
Кара-Суу базарын «Түштүктөгү Дордой» деп коюшат. Соода-сатык деле ошондой эле — деңиз контейнерлеринде соода кылышат. Товар дагы ошол жерде сакталат. Айрым соодагерлер контейнерди ижарага алса, кээси менчик ээси. Бирок баары тең администрацияга контейнер турган жер үчүн ижара акысын төлөйт жана аларды орнотууну жетекчилик менен макулдашат.
2025-жылы июндун аягында Исламбек Халилов аттуу соодагер контейнерин сатмакчы болуп, базарком Нурбек Эргешовго келишимди макулдашууга барат. Бирок Эргешов контейнердин баасынан үлүш сурайт. Макул болбогон Халиловду башка-көзгө муштап, телефон менен урат.
Базарком өзү сурады он пайызды, сөзсүз бересиң деп кайра-кайра айтты. Мен өзүм көргөм ургандарды. Үч адам урду.
Бул он пайыз мыйзамдуу акча эмес.
Жабырлануучу милиция чакырган, бирок чакырыкка келген орган кызматкерлери Халилов менен кошо, соодагерлерди кол салууга айыптаган Эргешовдун дагы арызын алып кетишкен.
Ал ошол күнү кирип келип жатат мага. Кирип келип кол салып жатат. Мен аны тааныбайм. Каяктагы 10 пайыз? Эмне болгон 10 пайыз? Мен аны билбейм.
Бир нече күндөн кийин Нурбек Эргешов эки тарап жарашканы тууралуу видео жарыялаган.
Биздин ишке эч ким аралашканын каалабайбыз. Экөөбүз жараштык, ага-ини болдук. Анча-мынча туура эмес жол менен чыгарган журналисттер дейбизби, блогерлер дейбизби, ушулардан, баардыңыздардан биз суранабыз, бизди эч качан соцтармакка, тияк-биякка таркатпай эле коюңуздар.
Окуядан кабары бар адамдар базарком ооруканага кечирим сурап, келтирилген зыянды төлөө үчүн келгенин айтышууда. Ошол жерден соодагерден сабады деген маалыматты төгүндө деп сурана баштаган. Ал макул болбогон соң, Эргешов өзү селфи видео тарткан.
Халилов өзү бул тууралуу айткандан коркот — ал таасирдүү кишилерге кабылганына нес болуп жүрөт.
«ДОРДОЙДОН» КИЙИН ЭКИНЧИ

Базардагы бүгүнкү абалды жакшылап түшүнүү үчүн өткөн чакка кайрылыш керек. Кара-Суу — Кыргызстандагы «Дордойдон» кийинки экинчи ири базар, өлкөнүн түштүгүндөгү эбегейсиз соода түйүнү. Мында Кытай, Өзбекстан жана Тажикстандын соода жолдору кесилишет. СССР тарагандан кийин дал ушундай базарлар жүз миңдеген кишилердин жан сактоосуна өбөлгө болгон: кытай товарлары, арзан дүң соода, үй-бүлө багуунун жолу.
Базар сексенинчи жылдары, совет бийлиги Кара-Сууда колхоз базарын ачкан кезде пайда болгон. Токсонунчу жылдары, СССР тараган соң базар шаар сыртына көчүрүлүп, жаңы-жаңы соода катарлары кошулган. Базарды ондогон жеке башкаруучулар — базаркомдор көзөмөлдөшчү. Көпчүлүгү мурда мамлекеттик кызматта ишетегендер же кылмыш чөйрөсүнөн келгендер.
Бакиевдин тушунда базар олуттуу талаш-тартыштын чордонуна айланган. Базардын мурдагы ээлеринин бири, Жалал-Абаддан чыккан абройлуу спортчу Баяман Эркинбаев киши колдуу болуп, анын бир тууганы нааразылык акциясы учурунда өзүнө өрт коюп, бирок тирүү калган. Бирок дагы бир нече киши каза болгон. Баямандын үлүшү «улутташтырылган». Бул үлүш «Туратали» деп аталчу. Ушул тапта базарды расмий жетектеген мекеменин аталышы дагы ушундай.
Эки миң онунчу жылдары Кара-Суу Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн таасирине өткөн. Кытай импортунун агымы базардын жанындагы Матраимовдун бажы терминалынан өтчү. Аткезчилик менен бажылык жол-жоболоштуруу схемалары олчойгон суммадагы накталай акча алып келип турган.

Ушундай мамлекеттик-жеке өнөктөштүк абалында базар дагы бир нече жыл турган. 2021-жылы, бийликке Садыр Жапаров келген соң, илгери Бакиев учурунда дайындалган эски директор иштен айдалып, анын ордуна бүгүнкү биздин каарман — Нурбек Эргешов отурган.
Ал базарды башкарууга ышкыбоздук менен киришкен. Бир-эки жылда эле, 2023-жылы Эргешов жетектеген «Туратали базары» мамлекеттик мекемеси «Кара-Суу соода базары» компаниясы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимин түзгөн. Жаңы инвестор базарга 1 миллиард сомдон ашуун каражат салууну убадалаган. Каражат соода борборунун курулушуна жумшалган. Бирок журналисттер инвестор болгон компаниянын кожойкеси базарком Эргешовдун энеси экенин бат эле аныкташкан.
Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы талкууланган. Бирок каармандардын атын эч ким ачык айткан эмес.
Эргешовдун жигердүү ишмердүүлүгү чыр-чатакка алып келген. 2023-жылы соодагерлер тобу Эргешов соода борборун курган жерден тышкары, коңшулаш тилкелер дагы көзү өтүп жатканына нааразы болушкан. Ал менчик ээлеринин участкаларын сот аркылуу тартып ала баштаган.
Биздин токтомдорду жокко чыгарып жатат. Кызыл китептерди жокко чыгарып жатат. Кызыл китеп жок деген сөз — бул мыйзам жок деген сөз.
Бардык документтерим бар жеримди Нурбек Эргешов тартып алам деп жатат.
Бул жерде 200 адамдын кызыл китеби бар. Ишенбесеңиз алып келип ушул жерге коюп беребиз. Соттун алдына кадастр бүт 200 адамдын документтерди алып барып, жокко чыгарабыз деп жатат.
Көп өтпөй базарда таптакыр эле башаламандык башталган.
КАРА-СУУНУН БАЗАРКОМУ КАНДАЙЧА ТАШИЕВДЕРДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮН ҮЙҮНӨН ЖАНА ДҮКӨНҮНӨН АЖЫРАТТЫ
2024-жылы апрелде, бир эле күндө Кара-Суу базарынын тушунда жайгашкан Турдушкан Ташиеванын дүкөндөрү бузулган. Эки дүкөн тең менчик, ичинде товар жыйылган болчу. Бузуу тууралуу чечимди сот дүкөндөр сүрдүрүлгөндөн бир нече күн өткөндө чыгарган — Ташиева катышкан да эмес.
Биринчи дүкөндү Турдушкан токсонунчу жылдардын аягында сатып алган. Үйүн сатып 30 чарчы метрлик имарат сатып алып, кийин аны менчиктештирген. 2021-жылы банктан насыя алып, экинчи дүкөндү сатып алган.
Ташиеванын эки дүкөнү тең базардын аймагында эмес болчу, коңшулаш жайгашкан. Бирок дүкөндүн тушунда котлован казылган — кыязы дагы бир соода борборун куруу үчүн болсо керек. Ошентип анын дүкөндөрүн сүрдүрүп салышкан.
Эки жылдан бери базарком эки кирпич кое элек. Котлованды казып койгон, бирок эки кирпич койгон жок.
Бузулган дүкөнү үчүн Турдушкан Ташиева жарытылуу кенемте алган эмес. Прокуратурага кайрылган соң ага кампадан орун берели деген сунуш болгон. Бирок ал жерде соода кылууга мүмкүн эмес болчу. Ошондо гана базарком ага базардан эки контейнер бөлүп берген. Бирок ал жаңы орунда соода кыла баштаганда контейнерлер башка бирөөнүкү болуп чыккан.
Бирөөнүн эки контейнерин берди. Ал контейнерди мен 15 күн иштеткенден кийин алып коюшту. Алдап койду. Ээси бар экен. Дагы экини берди эле. Ал (ээси) болсо телефон чалып жатат. Сиз 10 жылга ижарага алыпсыз, нотариустан бардык документтерим бар деп жатат.
Сентябрдын аягында Турдушкандын контейнерин темир кескич менен бузуп киришкен. Ичиндеги товары бүт жоголгон.
Ошол эле күнү Турдушкан Ташиеванын күйөөсү күйүттөн улам каза болуп калган. Мындан бир ай мурда болсо, Кара-Сууда соода кылган кайниси өтүп кеткен. Соодагер аял тапкан-ташыганынан толук кол жууганын айтып жатат.
Отуз жылдан бери мыйзамдуу болуп жүрүп, Эргешов Нурбек келгенде мыйзамсыз болуп калдык.
Мен алтымышка чыгайын деп калдым. Эми кайда барып жашарымды билбей калдым. Жолдошум болсо сыгылганынан, кысмакка алышкандан өлүп калды, 2024-жылдын 26-сентябрында. Апрелде мыйзамсыз эле дүкөндөрүмдү сүрдүрүп салды. Үй-бүлөмдү баккан булагымды сүрдүрүп салды. Азыр медициналык институтта экинчи курста окуган балам бар. Педагогикалык институтта окуган кызымды окуудан чыгарып, бирөөгө сатуучу кылып орноштурдум.
Беш баламды багыш үчүн кредит алып, эптеп ичин толтуруп, эптеп жашап жатканбыз. Күйөм болсо он беш жыл Москвада мигрант болуп, короо шыпырып иштеди. Анын дагы Москвада иштеп келгени тууралуу документи бар. Балдардын алдында жүрбөй жүрүп өлүп калды.
Ташиевага тагдырлаш соодагерлер Кара-Суу базарында жүздөп саналат. Базардын атынан сотто менчиктештирүү боюнча иштердин мөөнөтүн калыбына келтирген Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги чыгууда. Болбосо, жерлер жыйырма жылдан ашуун мурда менчикке өткөн.
Базардын жерин мамлекетке кайтаруу оңойго турган жок. Документтердин мыйзамсыз берилиши, мамлекеттик актылардын жоктугу, каттоодогу башаламандык үч жылга териштирүүлөргө себеп болду. Тийиштүү мамлекеттик органдар ар бир чарчы метрди кагаз жүзүндө тактап, соттук тартип менен кайтарып алышты.
Ал эми соодагерлер бузулган мүлкү жана жоголгон товарынын карызын дагы деле төлөп атышат.
Оптима банктагы кредитимди январга чейин төлөп жүрө бериптирмин, дүкөнүмдү сүрдүрүп салса деле. Фирмалар жылдын башында бизге карыз берет эле. [Бузуудан улам] товарларым жараксыз болуп, аларга карыз болдум. Азыр алты жарым миллион карыз болуп калдым. Үйүмдү банк эртең алам деп турат.
ЖОГОЛГОН КОНТЕЙНЕРЛЕРДИ ИЗДЕП
Кандайча Турдушкан Ташиевага кенемте катары бөлөк бирөөнүн контейнери берилип калган? Көрсө, Кара-Суу базарында бул кадимки эле көрүнүш экен.
Гүлнара Ирисова көп жылдан бери балдарга арналган товарларды сатып иштейт. Мурда милицияда иштеген, пенсияга чыгаардын алдында үй-бүлөсү менен биринчи контейнерин сатып алышкан — 18 миң долларга. Контейнер агасынын наамында болчу.
Бирок соода тармагында көп деле кармалган эмес: ата-энеси катуу ооруга чалдыккан. Айла жоктон базардагы ордун дүң соода менен алектенген коңшуларына ижарага берген. Соодагерлер менен Эргешовдун тиреши алгач Гүлнарага тиешеси жоктой болгон. Анын орду менчик базарлардын биринде жайгашып, жеке базаркомдордун бири менен келишим түзүлгөн.
Алар менен иштешүү деле оңой эмес болчу. Контейнердин кожоюндары расмий жер салыгын гана төлөшчү. Бирок жерди ижарага алуу келишимин жыл сайын жаңылап туруш керек эле. Ал үчүн базаркомдор акча же булардын тили менен айтканда «доля» талап кылышчу. Төлөсөң — келишим түзүлөт. Төлөбөйсүңбү — контейнерди базардан чыгарып салышат.
2024-жылдын башында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Кара-Сууга келип, базарды иретке келтирем деп убада берген.
Мамлекеттик программанын негизинде, Кара-Суу базары толук бойдон мамлекеттин менчигине өтөт. Мурда ээлеп алган менчик ээлери, бир гектар, эки гектар, үч гектар, беш гектардан ээлеп алган кыйын болгон байлар бар. Бардыгын тартипке салабыз, мыйзамдын чегинде. Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор түзүлөт.
Эч кандай байлар бизди коркута албайт, эч кандай криминалдар, акчасы көптөр эч кимди сатып албайт азыр.
Соодагерлер Ташиевдин билдирүүсүн кубануу менен кабыл алышкан.
Мындай сөздөрдү укканда баарыбыз тике туруп кол чаптык, туура чечим кабыл алынганына, адилеттүүлүк орногонуна.
Бирок иш жүзүндө абал мурдагыдан да оорлошкон. Улутташтыруудан кийин базардагы расмий төлөм — чарчы метр үчүн 220 сом болчу. Бирок бейрасмий «доля» өйдөлөгөн.
Иш жүзүндө, базардын шартын жакшыртабыз деген шылтоо менен (ижарадагы контейнерлер, күркөлөр, лотоктор) ал [Эргешов] «доля» сурап, ири суммадагы акчаларды жыйнай баштаган. Орунду ижараг алуу үчүн келишим түзүүгө ар бир ишкерден беш миңден [доллар] алган.
2024-жылы жай айларында Гулнара Ирисова кезектеги жолу контейнер жайгашкан жердин ижара келишимин узартып, ата-энесинин көзү өткөндөн кийин өзү соода кылайын деп чечкен. Бирок базарком жолукпай кача берген. Кийин анын контейнери эчак эле сатылып кеткени аныкталган — дал ошол ижарага алган дүң соодагерлер сатып алышкан.
Мен июль, август айларында келишимди көтөрүп артынан жүгүрүп жүрдүм. Бирде «Оштомун», бирде «сотто жүрөм», кээде «Бишкектемин» деп жатты.
Көрсө шылтоо издеп, мени токтотуп жатыптыр. 1-августпу же 1-июлдабы, булардын келишими чыккан экен.
Көп өтпөй анын базардагы контейнери түп-орду менен жоголуп, ордуна жаңылары пайда болгон.
2024-жылы августта менин 72-контейнерим, эки кабаттуу кампасы менен, эч кандай эскертүүсүз, эч кандай себеби жок эле сүрдүрүлүп, жайгашкан катардан жоголуп кеткен.
Алгач базардын администрациясы жооптон качып: контейнер кайда жоголгонун билбейбиз деп жооп беришкен. Акыры контейнер табылган — көрсө аларды жол боюнча сүйрөп салышкан экен.
Ирисова милицияга арыз менен кайрылган, бирок алар Эргешов менен келишип алгыла деп кеңеш беришкен.
РИИБнин кызматкерлери ачык айтышты: «Эже, эмнеге анын үстүнөн арыз жаздыңыз? Анын таянган кишилери бар. Сиз андан көрө аны менен келишип алыңыз». Келишимге келүү — бул жерде 5-10 миң доллар жөнүндө сөз болот, мен беришим керек… Бул кун төлөөбү же үлүшпү. 5-10 миң доллар! Ойлонсоңор!
Арадан жарым жыл өткөндөн кийин, 2025-жылы мартта өз билемдик беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Уурулук эмес, өз билемдик
Бирок жарым жыл ичинде бир дагы кагаз сурашкан эмес. Жер участкасын «Туратали» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүү тууралуу бир гана токтом — болду.
Ирисова иштин материалдарынан жеке базаркомдордун жерлери мамлекеттик мекемеге расмий өтө электе эле, Эргешов анын ордуна жаңы келишим түзүп алганын билген.
Натыйжада, Ирисованын арызынын негизиндеги ишти кылмыштын курамы жок болгону үчүн кыскартып салышкан. 2025-жылы жайында иш кайра жандандырылып — кайра токтотулган.
Башкы прокуратурага үч жолу бардым. Президентке кат киргиздим. Жамаат менен, жекече дагы канчалаган кайрылуу жөнөттүк — жылыш жок. Нурбек Эргешов ал жерде Кудаяр хан болуп алыптыр. Базардын ичинде Эргешовдун гана мыйзамы орногон.
Турдушкан Ташиева сыяктуу эле, Гүлнара Ирисова дагы үй-бүлөсүнүн бакубатчылыгы базарга байланганын айтат.
Мен пенсиядагы кишимин. Картайган майып апамды карачумун. Менин карамагымда студент балам бар. Дагы жашы жете элек төрт балам бар. Бир тууганым экөөбүздү багып аткан ошол контейнер болчу, башка жумуш жок. Күнүмдүк турмушка кайдан каражат таап жашайбыз? Окууга, тамак-ашка, коммуналдык кызматтарды төлөөгө? Кайдан каражат алышыбыз керек?
ЖАКШЫЛЫК ҮЧҮН
Улутташтыруу тууралуу айткан кезде, Ташиев Кара-Суу базарында шарттар жакшырат деп ишендирген.
Анан баягы эки соток, үч соток, беш соток кызыл китеби барларга ошол соода борбордун ичинен жерлерди бөлүп беребиз. Менчик катары бөлүп беребиз. Ошол жылуу жумшак жерде отуруп алып соодаңарды кыласыңар. Таза жерде отуруп алып. Бардык шарттары менен. Ичиндеги тамак аш, дааратканасынан бери соонун кылып куруп беребиз. Мунун бардыгын мамлекет жасайт, мамлекеттин колунан келет.
Соодагерлер иш жүзүндө жаңы соода борборундагы орундар он миңдеген долларга сатылып жатканын айтышууда. Жанына дагы бир борбор курулууда, анын аянты 182 миң чарчы метр, баасы 75 миллион долларга барат. Инвестору — Кыргыз-Азербайжан фонду жана аты аталбаган жеке инвесторлор.
Базарды кайсы юридикалык жак башкарат жана кандай укуктары бар — толук түшүнүү мүмкүн эмес. «Туратали» мамлекеттик мекемесинде Нурбек Эргешов иштебей калган. Соодагерлер менен жаңы келишимдерге ал «СК Стандарт Строй» компаниясынын атынан кол коюп жатат. Бул фирманын негиздөөчүлөрүнүн баары — жеке адамдар, мамлекеттин үлүшү жок.

Ал арада Кара-Суу базарында иштөө барган сайын кыйындап жатат — «доля» болсо кымбаттаган. Ким төлөгүсү келбесе аларды кууп жиберет — орду башкага өтөт же бузулат. Муну дагы акырындык менен, айына беш-алты кишиден кылып жатат дейт, Ирисова — жабыркагандар чогула калбасын деген максатта.
Эмнеге анда Кара-Суунун базаркому Нурбек Эргешов эч кимди тоготпойт? Анткени анын аркасында тургандар — өлкөдөгү эң жогорку кызматтагы кишилер. Мында президент Садыр Жапаров менен бир дасторкондо чай ичип олтурат.
Бул видеодо болсо Камчыбек Ташиев менен бирге митингде сүйлөп атат.
Эргешовдун жогору жактагылар менен карым-катышы тууралуу соодагерлер да угушкан.
Азыр сот негизи Нурбек тарапка чечип коюп жатат. Нурбек болсо Садыр Жапаровдун сүрөтүн коюп алып, чай ичип отурганын чыгарып жатат. Мына бийлик бизде дегендей кылып. Кандай эле Садыр Жапаров аны менен чай ичип калат?
Нурбек өтө эле көп кыла бербесин, урматтуу Ташиев. Сиздин атыңызды көп эле сатып жатат. Ташиев деп балаңызды сатып жатат. Өкүл баласы болуп кетем деген сөздөрдү айтып жатат. Жалал-Абаддан экенин билебиз. Кандай тууганчылыгыңар бар экенин билбейбиз.
Нурбек Эргешовдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Базардын юристи Мухтар Жаргулов «Клооптун» журналисттерине базарда иштегенине аз эле убакыт болгонун айтып, Ташиева менен Ирисованын окуясынын чоо-жайын жакшы билбей турганын кошумчалады. Бирок, Ташиеванын дүкөнү соттун чечими менен айыл чарба багытындагы жерде мыйзамсыз турганын, ал эми Ирисованын контейнерлеринин кожоюну башка адамдар экенин белгилеп өттү. Бул Ирисованын контейнер турган жердин ижара келишимин узартуусуна кандай таасир бергенин түшүндүргөн жок. Жаргуловдун айтымында, аны Эргешовдун үй-бүлөлүк компаниясынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк укугун өзүнө өткөрүп алган «Стандартстрой» компаниясы жумушка алган. Кандай жол менен, кайсы убакта экенин так айткан жок.