«Көлдү булгабагыла». Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелип жатат

 

Эрлан Батыралиев досу менен 15-ноябрда «Евразия» пансионатында эс алып жүрүп, жылкыларды көлгө түшүрүп жаткан көрүнүшкө күбө болгон. Жакындарынын айтымында, аттарды көлгө жуунтканыңар туура эмес деген сөзүнөн кийин ага кол салышкан. Эки иши досун кармап турганда, дагы төрт адам Батыралиевди тепкиге ала баштаган.

Андан соң Батыралиев ооруканага жеткирилген, бирок жарым саатан кийин өмүрү менен кош айтышкан. Жакындары, өлүктү сойгондо башына катуу сокку алгандан улам каза болгону аныкталганын айтып беришти. Кийин кылмышка шектүү төрт адам кармалган — арасында Ысык-Көл ОИББнин милициянын старшинасы К.Ж жана сержант Р.С бар. Кылмыштын катышуучулары, төрт киши Батыралиевди токмоктоп жатканда, анын досун кармап турган эки адам кармалдыбы же жокпу азырынча маалымат жок.

Ушул тапта «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголгону белгилүү болду — бирок сабалган киши каза болуп калган.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор залал келтирүү» деп аталып, ага беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Кылмыш адамдардын тобу тарабынан, өзгөчө мыкаачылык менен жасалганын эске алганда, жаза алты жылдан сегиз жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Каза болгон Эрлан Батыралиевдин үй бүлөсү кармалгандар сот жообуна тартылбай калышы мүмкүн деп тынчсызданып жатат.

Дисклеймер:
Сот «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн жана басылманын материалдарын экстремисттик деп тапкан. Азыр «Клооптун» видеолоруна жакты белгисин басуу, комментарий калтыруу жана бөлүшүү кооптуу.

Бирок окууга, көрүүгө болот.