БУУнун жумушчу комиссиясы колониядагы журналист Махабат Тажибек кызын бошотууга чакырды 

 

БУУнун мыйзамсыз кармоолор боюнча жумушчу тобу Кыргызстан «Темиров Лайв» басылмасынын жетекчиси Махабат Тажибек кызын камакка алуу менен, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жети беренесин жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын алты беренесин бузганын жарыялады

БУУнун жумушчу тобу Махабат Тажибек кызын эркиндикке гана чыгарбастан, мыйзамсыз камалганы үчүн кенемте төлөп, ал эми анын кармалышы иликтенип — күнөөлүлөр жазаланышы керек деп эсептейт. 

«Жумушчу топ, Махабат Тажибек кызынын кармалышы анын журналисттик иши аркылуу, өкмөттүн ишиндеги коррупцияны иликтөө жана өлкөнүн саясий жетекчилигине сын айтуу сыяктуу жеке пикирин билдирүү мыйзамдуу укугунан пайдаланганынын кесепети экенин аныктады. Саясий көз карашын билдиргени үчүн эркинен ажыратылган учурларда, камакка алуу саясий көз карашы үчүн дискриминациялоо деп саналган презумпция бар», — деп айтылат документте. 

Документтин авторлору саясий көз карашы үчүн куугунтуктоо фактысы тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун расмий билдирүүлөрү менен да тастыкталганын, алар бир нече жолу Махабат Тажибек кызынын кармалышы маморгандарды дискредитациялоого байланыштуу экенин кайталаганын кошумчалашкан. 

«Бул Кыргызстандын бийлиги аны сынчыл саясий пикири үчүн куугунтуктаганын далили боло алат», — деп айтылат документте. 

БУУ бир жылдан ашуун убакыттан бери колонияда кармалып турган журналистти бошотууга чакырды. «Темиров Лайвтын» видеолорундагы жапырт башаламандыктарга ыктымал чакырыктар беренеси боюнча ал алты жылга эркинен ажыратылган. Аны менен катары, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жашы жете элек баланын энеси катары жазаны кийин өтөөгө мүмкүндүк беришкен эмес. 

Андан тышкары, БУУнун жумушчу тобу Махабат Тажибек кызынын иши, Кыргызстандагы бийлик менен көз карашы төп келбегендерди жана көз карандысыз медианы басууга багытталган кампаниянын бир бөлүгү экенин баса белгилеген. 

«Клооп» Махабаттын жолдошу, иликтөөчү-журналист Болот Темировго кайрылып, эмне себептен БУУнун жумушчу тобунун Тажибек кызынын иши боюнча отчёту 2025-жылдын ноябрь айында гана белгилүү болгонун сурады. 

«Мыйзамсыз кармоолор боюнча жумушчу топ сыяктуу эл аралык инстанциялар иштерди узак убакыт карашат. Биринчиден, дүйнө жүзү боюнча иштер абдан көп. Экинчиден, эл аралык мыйзамдар бузулдубу же жокпу деп катуу текшеришет. Үчүнчүдөн, бийликке билдирме жөнөтүп, бир нече айлап жооп күтүшөт. Бул аралыкта биздин бийлик эч кандай жооп берген эмес», — деп айтып берди Темиров. 

«Темиров Лайвдын» азыр боштондукка чыккан он кызматкеринин ишин БУУнун жумушчу тобу мурда караган жана дал ушундай эле тыянак чыгарган. Бирок Махабаттын ишинде кошумча маалыматтар бар. 

«Ушундай эле тыянак чыккан тогуз журналисттин ишинен айырмаланып, {Махабаттын иши боюнча} жумушчу топ бийликке кайрылып, 278-беренени {массалык башаламандыктар} саясий куугунтоого колдонбоону жана беренени кайрадан карап, толуктап чыгууну сунуштап кайрылышты», — деп айтып берди Темиров. 

Журналист Махабат Тажибек кызы азыр жалпы тартиптеги колонияда. 

«Мурда чагымчылдык кылып, аны катаал тартиптеги колонияга кетирүү аракеттери болгон. Бирок мындай чагымчылдыкты элге ачык айтып туруунун арты менен буга жол берген жокпуз, азыр жалпы тартиптеги колонияда жаза өтөп жатат», — дейт Темиров. 

«Темиров Лайв» басылмасына куугунтук 2022-жылы январда башталган, анда кеңсесине күч органдары бастырып киришкен. Редакциянын кызматкерлерин полго жаткырып, техникасын жүктөп, Темировдун өзүнө баңгизат салып коюшкан. Анда Болот Темиров менен кесиптеши Болот Назаровго баңгизатка байланышкан иш козголгон. 

Акыры Темиров баңгизат пайдалануу иши боюнча күнөөсү жок деп табылып, бирок документ жасалмалоо иши боюнча сот айыптуу деп таап, сот залынан уурдап чыгып, күчтөп Орусияга кетирип салышкан. Ал дагы бир нече жыл Кыргызстанга кайтып бара албайт. 

Командасы Кыргызстанда калып, ишин уланткан, бирок аңдуулар, коркутуулар  болуп жатканын айтып турушкан. 

2024-жылы 16-январда Кыргызстанда «Темиров Лайвка» мурда-кийин байланышы бар 11 адам кармалган. Алар массалык башаламандыкка чакырыкка айыпталышкан — айрымдары басылмадан мурда эле бошонуп кеткен, айтылган материалга тиешеси жок журналисттер болгон.

Апрелде коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын басымы менен кармалгандардын айрымдары, анын ичинде редакцияда качан эле иштебей калган адамдар үй камагына бошотулган. 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызы 6 жылга эркинен ажыратылган. Акын Азамат Ишенбеков беш жылга соттолгон. Журналисттер Айке Бейшекеева жана Актилек Капаров үч жыл пробация менен бошотулган. Калгандары акталган. Ушул тапта Махабат Тажибек кызы гана камакта — Азамат Ишенбековго президент Жапаров ырайым берген. 

Дисклеймер: Сот «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн жана басылманын материалдарын экстремисттик деп тапкан. «Клооптун» видеолоруна жакты белгисин басуу, комментарий калтыруу жана бөлүшүү кооптуу. Бирок окуганга жана видеолорун көргөн коркунучтуу эмес.