УКМК соцтармакта бийликке сын таккан пикирин жазганы үчүн бир адамды кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Инстаграм жана Тредс аянттарында predator4407 деген ник менен постторду жарыялаган 46 жаштагы кыргызстандык кармалганын маалымдады. Мекемеден, бул адам «актуалдуу жаңылыктардын алдына атайын чагымчыл билдирүүлөрдү» калтырган деп  белгилешти. 

УКМК тургун Фейсбук жана Инстаграмда 20 чакты фейк аккаунт түзүп, алардын атынан азыркы бийликтин саясатын сындап турганын айтууда. Атайын кызматтын версиясы боюнча, кармалган кишиге бул тапшырманы «бузуку күчтөрдүн лидерлерлери» берген. Шектүү ТИЗОго киргизилип, «Башаламандыкка чакырыктар» жана «Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголду. 

Азыр predator4407 аккаунтунун Инстаграмдагы, Тредстеги барагы дагы жеткиликсиз. Бирок Тредстеги сакталып калган скриндерде төмөндөгүдөй посттор бар: «Ойгонгула, эл-журт, биз эки аферистти кууп чыгышыбыз керек», «Физруктун кезектеги калпын укпагыла». Андан тышкары мурдагы революцияларды эске салып, төңкөрүш кылуу керек деп жазганын көрүүгө болот.  

2024-жылы «Клооп» Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин соттолгон кыргызстандыктар тууралуу изилдөөсүн жарыялаган. Журналисттер Садыр Жапаров президент болгон төрт жылда камалып чыккан 140тан ашуун адам боюнча маалымат топтошкон. 

Изилдөө көрсөткөндөй, саясий куугунтук үчүн бийлик көп учурда башаламандыкка чакырыктар беренесин пайдаланат. Анткен менен адамдар дайыма бийликке сын айтканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондой эле, изилдөөдө репрессияга бир гана журналисттер, активисттер жана саясатчылар эмес, катардагы жарандар да кабылып жатканы тастыкталган. 

«Массалык башаламандыктар» беренеси бийликке сын айткандардын, эркин медианын үнүн басуу үчүн колдонулуп жатканын БУУнун мыйзамсыз кармалгандар боюнча жумушчу тобу дагы баса белгилеген. Жакында эле жумушчу топ Кыргызстандын бийлигине журналист жана «Темиров Лайв» басылмасынын директору Махабат Тажибек кызынын иши боюнча сунуштамасын жарыялаган. Тажибек кызы да «Массалык башаламандыктар» беренеси менен алты жылга эркинен ажыратылган. 

Ушул эле «Массалык башаламандыктар» беренеси менен «Клооптун» мурдагы эки оператору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов күнөөлүү деп табылган. Алар эркин журналист Болот Темировдун бир нече видеосу үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Операторлордун бул видеолорго эч кандай катышы болгон эмес. Журналисттер өкүмгө макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга арыз беришкен. 

Дисклеймер: Сот «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн жана басылманын материалдарын экстремисттик деп тапкан. «Клооптун» видеолоруна жакты белгисин басуу, комментарий калтыруу жана бөлүшүү кооптуу. Бирок окуганга жана видеолорун көргөн коркунучтуу эмес.