«Клооп» Улуттук коопсуздук комитети мамлекетке «кайтарган» бизнестерге кандайча президенттин айланасындагы адамдар ээ болуп жатканы боюнча материалдарын улантат. Бул жолу, Садыр Жапаровдун инисинин түркиялык өнөктөшү биринчи кабатында казино орун алган Бишкектеги «Достук» мейманканасына кандайча ээлик кылып калганын айтып беребиз. Андан мурда аталган мейманкананын бир бөлүгүн УКМК мыйзамсыз менчиктештирген деген шылтоо менен менчик ээсинен тартып алган болчу.
«Мыйзамсыз менчиктештирүү»
Баары 2023-жылы, депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги «Достук» мейманканасынын бир кабатын толугу менен кумаркана кылуу боюнча маселени көтөргөндө башталган. Бул кимдин чечими жана эмне себептен элге ачык айтылган эмес деген суроо менен Айдарбеков ошол кездеги Жамааттык кошуундар федерациясынын башчысы Эмил Кызаевге кайрылган. Анткени мейманкана илгертен эле ушул органга карачу.
Кызаев федерациянын карамагында «Достуктун» акциясынын жарымынан кичине ашыгыраагы гана калганын — экинчи жарымы чечим чыгарууга катыштыгы бар жеке тараптарга тийиштүү экенин айтып жооп берген.
Айдарбеков ошол эле жыйынга катышып жаткан Башкы прокуратуранын кызматкери Мирлан Майтпасовго кайрылып: «Акыркы 30 жылда профсоюздун карамагындагы мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча канча кылмыш иши козголду?» — деп сураган.
Көрсө, жалпы 29 кылмыш иши козголуп, бирок ошол учурда үчөө гана сотко жеткен экен (дагы 17 иш бюнча иликтөө аягына чыккан, 14 иш — жабылган). Отуздан ашык объект мамлекеттин карамагына кайтарылган. Булардын арасында «Достук» мейманканасы дагы барбы же жокпу, Майтпасов тактаган эмес.
Башкага бериш үчүн кайтарылган
Ал эми 2024-жылы апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев отчёт берип жатып: «Достук» мейманканасынын жеке тарапка тийиштүү, баасы 300 млн сом турган «мыйзамсыз» менчиктештирилип кеткен бөлүгү мамлекетке кайтарылганын айткан. Муну «Достук мейманканасы» акционердик коомунун Кыргыз фондулук биржасындагы бир жылдык отчёту дагы тастыктайт: акциянын 35,6%ы президенттин Иш баркармалыгына берилген, калганы профсоюздар федерациясынын карамагында калган.
Бирок улутташтырылган мүлктүн көпчүлүгүндөй эле, объект мамлекеттин карамагында көпкө турган эмес. Он ай өтүп-өтпөй, «Достук мейманканасы» акционердик коому инвестициялык макулдашуунун алкагында, негизги каражатынын дээрлик 20%ын «ФРЗ-Холдинг» жеке компаниясына биротоло өткөрүп берген. Ал эми 2025-жылдын апрель айында «Достуктун» калган-каткан бөлүгү да «ФРЗ-Холдингге» 25 жылга ижарага берилген.
Ошол кезде бул жаңылык кыргызстандык ЖМКнын баарына чыккан. Журналисттер «ФРЗ-Холдингдин» негиздөөчүсү жана жетекчиси Чубак Асанов менен Сүйүнбек Уметалиев экенин аныкташкан. Үмөталиев мейманканадагы «Казино Кристалдын» тең кожоюну болчу.
Асанов жана Үметалиев дегендер кимдер, алар акчаны кайдан алышкан, эң башкысы — кандай шартта мейманкана казинонун кожоюндарына өтүп кеткени эч жерде ачык айтылган эмес. Балким, буга Асанов менен Үмөталиев майлуу токочтун убактылуу гана ээси
экени себеп болгондур.
Миллиардер-чиновниктин балдары
2025-жылы июлда «ФРЗ-Холдинг» компаниясынын жаңы кожоюну пайда болгон — ал түркиялык ишкер Сипахи Тан (Түркияда анын Тан холдинг деп аталган компаниясы бар). Анын бир тууганы Недим Жан Сипахи болсо «Кристалл» казиносунда үлүшкө ээ болгон.
Сипахи Тан менен Недим Жан Сипахи — Стамбулдагы Бешикташ муниципалдык кеңешинин Республикалык элдик партиясынан чыккан мурдагы мүчөсү Хусейн Авни Сипахинин балдары.

2018-жылы Хусейн Авни Сипахи Түркиянын ИИМнин иликтөөсүнөн кийин кызматтан кеткен. 2022-жылы Сипахи менен анын муниципалитеттеги кесиптештерин прокуратура опузалоо жана коррупция боюнча айыптаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Сипахи кесиптештери менен ишкерлерди муниципалитеттин кайрымдуулук фондуна каражат берүүгө мажбурлап, акысына көйгөйлөрүн жымсалдоону убадалаган. Фонддогу акчанын басымдуу бөлүгүн Сипахи, анын кесиптештери жана алардын тууган-уругу бөлүшүп алып турган. Сипахи кармалып, бирок беш айдан кийин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. 2025-жылы апрелде сот аны 2 жыл 3 айга кескен.

Сипахинин иши боюнча тергөө учурунда түрк полициясы анын байлыгын 1 миллиард доллар деп баалаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, анын балдары Недим Жан Сипахи менен Сипахи Угур Толгахандын карамагында да кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр болгон.
2025-жылы Хусейн Авни Сипахинин үч уулу тең Кыргызстанда бизнес ачкан. Сипахи Тан менен Недим Жан Сипахи «Кристалл» казиносу менен «Достук» мейманканасынын тең кожоюуну болушса, Сипахи Угур Толгахан — «Кей Джи Лотерея» лоторея компаниясынан үлүшкө ээ болгон.

Бир тууган Сипахилердин «Кристалл» казиносунда өтмүшү абдан кызыктуу адам директор болуп иштейт — ал 2024-жылы сентябрда УКМК Камчы Көлбаевдин УКТсын каржылоого жана өзбек кримтөбөлү Салим Абдувалиев (Салим Байвоча) менен байланышууга шектеп кармаган Бакытбек Омуракунов. Мурда Омуракунов Шаршенбек Абдыкеримовдун «Аю Холдинг» компаниясынын президенти болчу. Шаршенбек Абдыкеримовду дагы УКМК УКТны каржылоого айыптаган.
Темир-бетон өнөктөш
«ФРЗ-Холдинг» – бул бир гана «Достук» отели эмес. Компанияга бетон чыгаруучу завод, цемент өндүргөн фабрика, кум-гравий карьери, логистикалык компания дагы тиешелүү. Андан тышкары, чакан ГЭС курууга инвестиция салат.
Холдингдин кожоюну Сипахи Тан — Кыргызстанга инвестиция салууну максат кылган, катардагы түркиялык ишкер эмес. Ал Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнүн бизнес-өнөктөшү. Президенттин иниси Эскат Нуркожоев менен биргеликте «РУТА Көмүр» жана «РУТА Бетон» компанияларына ээлик кылат. Мындан тышкары, бир нече түрдүү пландагы долбоорлору бар.
«ФРЗ-Холдинг» компаниясынан сырткары, Сипахи Тан 2025-жылы Кыргызстанда дагы беш компания ачкан:«Танкин Холдинг» ЖЧК, ЖЧК «СИПКА», «БЕТАН» ЖЧК, «РУТА Бетон» ЖЧК, «РУТА Көмүр» ЖЧК.
Кыш чыгарган иничек
Президенттин иниси Эскат Нуркожоев — өлкө башчысынын үй-бүлөсүнүн дагы бир таланттуу өкүлү. Анын бизнестеги карьерасы акыркы жылдары заматта илгерилеген. Ушул тапта беш компанияга ээлик кылат.
«РУТА Бетон» жана «РУТА Көмүр» ЖЧКнан тышкары, Жапаровдун иниси «Каракол Логистик» ЖЧК, «Саруу Кирпич» ЖЧК жана ОДА «Север Юг Секьюрити» ЖЧКнын тең негиздөөчүсү.
Ачык бюджеттеги маалыматка караганда, бул компаниялардын ичинен бирөө гана — кыш чыгарган «Саруу Кирпич» ишканасы учурда иштеп жатат. Ишкананы Кылычбеков Тилек Кылычбекович жетектейт.
Кылычбеков 2018-жылы Салык кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан, мамлекеттик кызматка дайындалганда жалган маалымат бергени үчүн бошотулган. Гетконтакт колдонмосунда Кылычбеков «Тилек Кирпичный Завод», «Тилек Зам Нач Налог», «Тилек Аба Саруу», «Рустамдын Бажасы» деп сакталган. Бул жазууларга таянсак, ал Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын бажасы болушу мүмкүн. Рустамдын келинчеги Саруу айылынан болот.
Бул президент Садыр Жапаровдун туугандары же жакын чөйрөсү Кыргызстандагы ири бизнеске ээ болгон учурлардын алгачкысы эмес. «Клооп» буга чейин «Дордой» базарынын кожоюну Аскар Салымбековдун баласы менен биргелешкен бизнес ачкан президенттин карындашы Райкан Жапарова тууралуу айтып берген.
Ал эми жеңеси Бурул Кыштообаева бир катар ири бизнесмендерге өнөктөш болгон. Алардын арасында экс-мэр Азиз Суракматов, Сан Сити оюн-зоок борборунун мурдагы кожоюну Александр Сан жана ЖБИ заводунун мурдагы ээси Александр Полянский бар.