Мурда шахтёрлор жер алдына түшкөндө торго салынган канарейка чымчыгын ала киришчү. Эгерде шахтанын ичинде жарыла турган метан коюланып кетсе, чымчыктар чырылдап сайрап, адамдарды куткарып калышкан. Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башында турган Бишкектин тургундарын да сактап калуу керек. Бирок Кыргызстандын бийлиги кара түтүн менен күрөшүүнүн ордуна, түтүн тууралуу ачык айткандар менен күрөшүп жатат.
Быйылкы кышта Бишкек абасы абдан кир шаарлардын дүйнөлүк рейтингинде (World IQI) бир нече жолу лидер болду, дайыма алгачкы ондукка кирип жатты. Бул жыл сайын кайталануучу көрүнүшкө айланды.
2021-жылы жаңы шайланган президент Садыр Жапаров борбор калааны каптаган кара түтүндү мурдагы бийликтин чабалдыгы менен жемкорлугунун кесепети деп атаган болчу. Бирок акыркы төрт жылда шаардагы аба жакшырып кеткен жок.
Башын жуубай биттен көрөт
2021-жылы мартта президент кара түтүнгө каршы күрөшүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Андан бир ай мурда Кыргызгидромет Бишкекке жана Чүй облусунда абанын булганычын аныктоочу 50 датчик орнотуп, алардын көрсөткүчүн IQAir сайтына чыгарган (ага чейин бул сайтта мамлекеттик эмес датчиктердин көрсөткүчү жарыяланып турчу). Башкача айтканда, 2021-жылдын февралынан тартып Бишкектин абасынын тазалыгы жөнүндөгү маалымат расмий болуп калган.
Бирок өкмөт ышты жок кыла алган эмес, ал эми күнөөнү датчиктерге шылтаган: көрсөткүчтөр ката, ошондуктан Бишкектин тургундары дем ала албай калдык дешүүдө деп айтылган. Ушул билдирүүдөн кийин, абасы эң кир райондордун көрсөткүчүн берген 25 датчик IQAir сайтынан жок болуп кеткен.
2022-жылы ушул эле окуя кайталанган. Бул ирет президент кара түтүндү каптаткандар кездеменин кесиндиси менен резина жаккан мончолор, жеке сектор жана жаңы конуштар деп айыптаган. Аны менен катар, жоопкерчиликти ары-бери өткөндөр менен колу-коңшуларга оодарган — өлкө башчысынын пикиринде, тургундар бири-бирин көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, резина жана кесиндилерди очокко жакпагыла деп айтып турушу керек болгон. Андан тышкары, президент Бишкекти электрдик жылытууга өткөрө турган 50 чакан жана орто ГЭС курууну убадалаган.
Бирок 2023-жылы дагы өлкө кара түтүндөн арыла алган эмес: кышы бою Бишкекте аба таза деп катталган бир эле күн болгон. Эми Энергетика министрлиги кара түтүндүн себеби Кара-Кеченин көмүрү деп жарыялаган.
Бийлик ошондо аябай таңкалычтуу жоруктарга барган. Бул көмүрдү Бишкектин тургундарына сатууга тыюу салынган. Бирок ошол эле учурда, президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБин Кара-Кече көмүрүнө өткөрүүнү жигердүү колдогон. Болбосо Энергетика министрлиги ЖЭБден чыккан түтүн шаарда каптап жатканын айткан. Ал эми Бишкектин абасы дүйнө боюнча эң кир деп табылганда, чиновниктер кайрадан мамлекеттик эмес датчиктерге ишеним жок деп чыгышкан — ошентип датчиктер IQAir сайтынан кайра жоголуп кеткен.
2024-жылга карата сайтка 18 датчик кайтып келген, анын ичинен 14ү Кыргызгидрометке тиешелүү болчу. Бирок кышында Жаратылыш ресурстары министрлиги кайрадан датчиктерге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, Бишкектеги кара түтүн дээрлик көрүнбөгөн видео ролик жарыялаган. Factcheck.kg видеороликтен монтаждын жардамы менен түтүн тазаланган болушу мүмкүн деген тыянак чыгарган. Ошондой эле, басылма ошол эле күнү ар башка авторлор жарыялаган бир нече видео менен бөлүшкөн — анда кара түтүн даана көрүнүп турат.
2025-жылы кара түтүн эмес, датчиктерге каршы күрөш уланган. Атакаминерлер анда, абанын тазалыгы боюнча ишенимдүү маалыматты бир гана Кыргызгидромет бере алат, ал эми датчиктер тийиштүү талаптарга жооп бербегендиктен текшерилип жатат деп айтып чыгышкан. Бул убакта Кыргызгидрометтин датчиктери IQAir сайтына эч нерсе жарыялабай калган.
2026-жыл Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун борбор калаанын бийлигине ыраазычылык айткыла, Бишкекте кара түтүн калбай калды деген чакырыгынан башталган. «Албетте, таптакыр жок эмес, бирок быйыл азырак», — деген анда спикер. Бирок Кыргызстанда кыш салыштырмалуу жылуу болгонун кошумчалаган эмес.
Ал эми Жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев болсо World Air Quality рейтинги туура эмес, абройлуу аянт деп саналбайт деген оюн баса белгилеген.
«Бишкекте абанын сапаты акыркы үч жылда бир кыйла жакшырды. Абал дагы бул рейтингдеги датчиктер көрсөткөндөй — булганыч жагынан биринчи орунда — эмес болчу», — деген ал.
Кредиттер бар, аба жок
Анткен менен, кара түтүнгө каршы күрөшкө ири суммадагы каражат бөлүнгөн. Мисалы, Кыргызстандагы жеке турак үйлөргө газ киргизүүгө жалпы 1 млрд сом кредит алынган.
2023-жылы Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы абанын сапатын жакшыртууга 50 млн долларлык эки кредит чектеген. Анда абанын сапаты боюнча маалыматты чогултуу жана анализдөөнү жакшыртуу, экологиялык жактан таза жылытууга өтүү, Бишкекти жашылдандыруу жана шаардык транспортту электрлештирүү пландары каралган. Бирок бул акчаны чиновниктер кайда жумшаганы табышмак бойдон калды.
2024-жылы энергосекторду өнүктүрүүгө 74,9 млрд сом бөлүнгөн. Андан тышкары, ГЭС курууга жана аны жаңылоого миллиарддаган суммага кредиттер алынган. Бул кошумча электр энергиясын, анын ичинде жылытууга да кубаттуулук бериши керек болчу. Жапаров бул тууралуу тээ 2022-жылы эле айта баштаган. Бирок Энергетика министрлигинин маалыматына таянсак, керектүү көлөмдөгү энергияны бул ГЭСтер 2028-жылы гана бериши ыктымал.
Ошол эле учурда, 2025-жылы күзүндө электр энергиясы таптакыр жок болуп кеткен. Электр энергиясы жылытууга гана эмес, чай кайнатууга да жетпей калган. Жылынуу үчүн адамдар колуна эмне тийсе отко жага башташкан.
Ал арада шаарды каптаган кара түтүн борбор калаанын тургундарынын ден соолугун талкалап, экологияны бузуп, миллиардаган чыгымдарды алып келүүдө.
Кеңешиңерге рахмат, биз тескери кылабыз
2026-жылы 4-февралда 2026-2028-жылдары Бишкек жана Чүй облусунда абаны тазалоого Корея грант катары 10 млн доллар бөлгөнү белгилүү болгон. Долбоорго ылайык, мамлекеттик билим берүүчү жайларга жылытуунун экологиялык таза системасын орнотуу жана абанын сапатын көзөмөлдөөнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу каралган. Бирок, бул план ишке ашары өтө күмөн — анткени буга чейин жазылган пландар кагазда гана калып, эч иш кылынган эмес.
2025-жылы 1-декабрда Бишкек мэриясы БУУнун өкүлчүлүгүнө кайрылып, аба эмнеден булганып жатканын аныктап берүүнү суранган. Бул ошондо экинчи изилдөө болмокчу — буга чейин 2015-2021-жылдары дал ушундай изилдөө жүргөн.
БУУнун 2022-жылы октябрдагы документи ар кыл ойго салат. Бир жагынан, БУУнун эксперттери, кара түтүндүн негизги себепкерин таап берди — жер тамда жашагандар жаккан көмүрдүн иси жана автотранспорт каражаттары. Экинчи жагынан, авторлор бийлик Бишкек ЖЭБи менен автоунаа паркы тууралуу так маалымат берүүдөн баш тартканын бир нече жолу кайталап жатышат.
БУУнун эксперттериин сунуштары өтө жөнөкөй болчу. Бишкектеги курулуштун планын кварталдар шамалдап тургудай кылып уюштуруу керек. Жашыл аймактарды сактап, коргоп жана көбөйтүү зарыл. Полигондор түтөбөш үчүн таштандыны кайра иштетүү керек. Турак үйлөрдүн сыртын жылуулап, жылуулук насостору менен күн батареяларын орнотуу учур талабы. Болушунча көмүрдү аз жагып, газ жана электрдин кайра иштетилүүчү булактарынан алынган энергияны колдонуу. Коомдук транспортту электрге өткөрүп, жеке унаалардын экологиялык түрүн көбөйтүүгө милдеттендирүү. Абанын булганышын мониторинг кылууну жакшыртуу.
Сунуштар кабыл алынып, алтургай президенттин кара түтүнгө каршы күрөшүү планына киргизилген. Бирок төрт жыл өткөндөн кийин, бийлик бул жаатта көп иштин тетирисин кылганын ачык айтып коюу керек.
Бишкекте жашыл зона кыскарып баратат. «Шаардын өпкөсү» деп саналган Ботаникалык бакта бир далай бак-дарак кыйылды. Бийлик ал жерде реконструкция жүрүп, бактын ичине эки футбол аянтын куруу пландалганын билдирди.
Эски үйлөрдү жылуулагандын ордуна, бийлик аларды сүрдүрүп, ордуна 40 кабатка чейинки бийик үйлөрдү курууну самап келет. Газдаштыруу жүрүүдө: Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын апрелинен бери 51 миңден ашуун үйгө газ кирди. Бул көмүр пайдаланууну болжол менен 100 миң тоннага кыскартууга өбөлгө болду. Бишкек жана Чүй облусуна таш көмүрдүн майдасын ташып келүүгө тыюу салынды. Бирок газ тургундардын капчыгына туура келбей калууда. Электр энергиясы дагы барган сайын кымбат жана тартыш боло баштады.
Троллейбустарды электробустарга алмаштыруунун пайдасын техника ташып келгендер гана көрдү. Жеке унаалар дагы деле булганч заттарды бөлүп чыгарууда, жаңы унаа алууга элде акча жок. Ал эми абанын сапатын мониторинг кылуунун ордуна, бийлик смог тууралуу ачык айткандар менен айыгышкан күрөш жүргүзүүдө.
Сын айткандарды ким болбосун жазалап жаткан УКМКнын аракеттеринен улам бүтүм чыгарсак, бул баарына тиешелүү сыяктанат: көйгөй тууралуу эч ким сүйлөбөйбү — демек көйгөй жок. Азыр Орусияда көмүр шахталарына ээлик кылган адамдар дагы ушундай позицияны карманышат: алар дагы канарейканы качан эле газоанализаторго алмаштырышкан. Көбүрөөк пайда табууну самаган башкаруучулар шахтёрлорду метан датчиктерин өчүрүүгө мажбурлашат. Мындан улам газ жарылып, жүздөгөн адамдар жер алдында калган учурлар бар. Ал эми башкаруучулар өз жанын сактап калат, албетте.
Кыргызстандын башкаруучулары кара түтүндүн кесепетин катардагы бишкектиктерге караганда азыраак тартышат. Алар коомдук транспортко түшпөйт. Алардын кымбат унааларында, кеңселеринде, борбор калаанын абасы таза түштүк бөлүгүнөн орун алган үйлөрүндө абаны алмаштыруунун заманбап системасы орнотулган. Президенттин администрациясынын жаңы имараты «Ынтымак-Ордо» жогору, аба таза жакта курулган. Ал эми «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы тарапка кара түтүн жетпейт.