Дисклеймер: Материал «Медиасеть» уюмунун колдоосу менен даярдалды.  

Акыркы жылдары Кыргызстанда соттук экспертизалар көз карандысыз журналисттерди, активисттерди, оппозиция өкүлдөрүн жана бийликти сындаган башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жана куугунтуктоонун негизги куралына айланды. Көп учурда, күнөөнүн негизги далили катары экспертиза колдонулат.

Ошол эле учурда, соттук экспертизалар системасы коррупцияга батып кеткен. Айрым корутундулар «буйрутма менен жазылгандай» элес калтырса, кээде эксперт деген кишилер эксперт деле эмес, анткени тийиштүү аккредитациядан өтүшкөн эмес. Ошентсе да, соттор түрдүү адистер чыгарган корутундуларды негизги далил катары кабыл алууну, саясий иштерде ушул куралду колдонууну жактап келишет.

Адистердин бүтүмү күмөндүү, кээде күлкүлүү экенине карабай, мындай экспертизалар дээрлик бардык саясий иштерде колдонулат. «Клооп» өзүнүн ишине байланыштуу эксперттердин корутундусун майда-баратына чейин баяндап берген. Аларды дагы да терең түшүнгүсү келгендер бул шилтемени же муну басып окуса болот.

Экспертизалардын жардамы менен «Клоопко» каршы үч кылмыш иши даярдалган:

  • Кыргызстандагы басылмага тийиштүү юридикалык жактардын бирин жоюу жөнүндө;
  • редакциянын төрт мурдагы кызматкерине каршы массалык башаламандыктарга чакырык иши боюнча — эки кызматкер жарым жыл ТИЗОдо жатып, беш жыл колонияга кесилген, кийин төртөө тең пробация менен бошотулган;
  • «Клооптун» материалдарын жана басылманын тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн экстремисттик деп табуу жөнүндө.

Жогорудагы эксперттер соттук отурумга келгенди жактырышпайт, сүрөткө, видеого тартпагыла деп талап кылышат, бирок алардын отурумдагы сөздөрүн ушул, бул жана дагы ушул жерден окуп алсаңыз болот.

Бардык саясий иштердин негизин Кылмыш-Жаза кодексинин үч беренеси түзөт:«Массалык башаламандыктар», «Расалык, этникалык, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты (ажырымды) козутуу» жана «Бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо».

«Тажрыйба көрсөткөндөй [...] мындай кылмыш иштери каралып жатканда, айыптоочу тарап күнөөнүн жалгыз далили катары эксперттердин корутундусун алып чыгат», — деп 2024-жылга карата отчётунда жазган укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова.

Жана ушул жалгыз далил көп суроо жаратат. Кыргызстанда соттук экспертизалар менен алектенген атайын орган, аны жөнгө салган тийиштүү мыйзам бар — ал «Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндөгү» мыйзам.

Сүрөт өкмөттүн сайтынан алынды

Бул мыйзамга ылайык, соттук экспертизаларды ушул мекеменин аккредитациядан өткөн адистери гана жүргүзө алат. Бирок, соттук-эксперттик кызматта тийиштүү адистер жок болуп калса, анда «керектүү тармак боюнча түшүнүгү бар» адамдарга кайрылууга болот.

«Бирок анын [соттук-экспертиза кызматкеринин эмес] жыйынтыгы — соттук эксперттин корутундусу эмес, адистин көз карашы. Башкача айтканда, айырмачылык абдан чоң [...] Бул экспертизанын жыйынтыгы эмес, бул бир адамдын пикири гана», — деп түшүндүрөт Абдирасулова.

Бийлик мындай «пикирлерди» абдан көп колдонот. Мисалы, акыркы жылдары саясий иштерде «саясий экспертизалар» пайда боло баштады. Аны Улуттук Илимдер Академиясынын (УИА) кызматкерлери даярдап берет.

Мындагы негизги маселе башкада, биринчиден, Кыргызстандын мыйзамдарында «саясий экспертиза» деген түшүнүк жок, демек аккредитацияланган адситер дагы болушу мүмкүн эмес. Экинчиден, Илимдер Академиясы — соттук-эксперттик орган эмес, мекеменин саясий экспертиза жасап жаткан кызматкерлеринин укук коргоо органдарынан келген мындай сурамды ишке ашырууга аккредитациясы дагы жок.

Анткен менен, Абдирасулованын маалыматына караганда, 2022-жылы жана 2023-жылдын биринчи жарымында, УИА УКМК жана милициянын сурамы менен 148 экспертиза даярдап берген. Арасында журналисттерге, активисттерге каршы резонанстуу иштер бар. Мисалы, 27 адам айыпталган Кемпир-Абад иши, Temirov Live басылмасынын мурдагы 11 кызматкери жана башкалар бар.

Булардын көпчүлүгү пробациялык көзөмөл менен бошотулуп, айрымдары акталганы менен, айыпталуучулардын көбү жарым жылдан бир жылга чейин ТИЗОдо жатып чыгышты. Абакка келсилгендери дагы бар. Мисалы, журналист Махабат Тажыбек кызы массалык башаламандыктарга чакырык иши боюнча 6 жылга кесилип, жазасын өтөп жаткан учуру.

Сүрот: Клооп

УИАнын мындай ишмердүүлүгү тууралуу акыркы жылга карата маалымат жок, анткени мекеменин сайты статистиканы жарыялабай калган.

«Буйрутма» экспертизалар

Улуттук Илимдер Академиясынын экспертизаларынын мындан дагы орчундуу көйгөйү бар — алардын айрымдары атайын кызматтын буйрутмасы менен жазылган. Бул тууралуу Академиянын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев айтып чыккан.

Карабаевди 2023-жылы УИАдагы ишинен кетирип салышкан, расмий себеби — мамлекеттик сырды ачыктаганы үчүн. Бирок, анын адвокаттарынын айтымында, Карабаев жасаган экспертизанын жыйынтыгы УКМК кызматкерлерине жакпай калгандан кийин иштен айдалган.

«Аны корутундуга кылмыш иши боюнча соцтармактагы посттордо массалык башаламандыкка чакырыктар болгон деп жазып бер дешкен. Карабаев чакырык болгон эмес деген бүтүм чыгарган. Корутундуну кайра жазып берүүдөн баш тарткан», — деп айтып берген «Клоопко» адвокаты Кантемир Турдалиев.

Сүрөт: Клооп

Жумуштан кеткенден кийин Карабаев атайын кызматтын өкүлдөрү анын кесиптештерин «буйрутма» менен корутунду жазууга мажбурлап келгенин ачык айтып, соцтармактарга үн жазууларды таркаткан. Карабаевдин айтымында, үн жазууларда Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкерлери күч органдарынын «керектүү» корутунду жазып берүүнү талап кылганын талкуулап жатышат. Анын билдиришинче, аудиолордун биринде УИАнын вице-президенти Чолпонкул Арабаев, Карабаев УКМКнын талабын аткарбай коюуга акысы жок экенин айткан. Ошондой эле, аудиодогу үн кесиптештерин атайын кызматтын өкүлдөрү менен «чатакташпагыла» деп кеңеш берген.

Мындан тышкары, Карабаев кесиптеши Азамат Жанышбек уулун УКМКга «мыйзамсыз» экспертизаларды жасап бергени үчүн күч органдарынан акча алды деп айыптаган. Натыйжада, Карабаев массалык башаламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого айыпталып, үч жыл пробацияга кесилген.

Сүрөт: Клооп

Анын иши боюнча экспертизаны кайра эле Жанышбек уулу даярдаган. Дал ушул Жанышбек уулу айрым журналисттер менен активисттерге каршы иште дагы эксперттик корутундусун берген.

«Иш жүзүндө бир гана “эксперттин” корутундусу колдонулат. Ал лингвист дагы, филолог жана дин таануучу дагы, психолог, деги койчу ким гана эмес. Ошол бир адамдын корутундусун судьялар негизги далил базасы катары кабыл алышат», — деп сүрөттөйт Жанышбек уулун Абдирасулова.

Ал бери дегенде беш иш, анын ичинде Карабаевдин иши боюнча дагы корутунду даярдап, натыйжада бийликти сындаган кыргызстандыктар сот жообуна тартылган. Ошол эле маалда, Жанышбек уулунун ишмердүүлүгү же ал даярдаган экспертизаларды эч ким текшерген эмес. Болбосо, Карабаев корутундулар буйрутма менен же акчага жазылган болушу мүмкүн экенин айткан.

— Жазуучу жана журналист Олжобай Шакир массалык башаламандыктарга чакырык жасаганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган, кийин жазасы үч жыл пробацияга өзгөртүлгөн.

— Активист Зарина Төрөкулова дагы массалык башаламандыктарга чакырык үчүн беш жыл колонияга кесилип, кийин ага президент ырайым берген.

— Активист Адилет Балтабай массалык башаламандыктарга чакырык боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жыл колонияга кесилген, бирок кийин пробация менен бошотулган.

— Активист жана «Бүтүн Кыргызстан» оппозициячыл партиясынын мүчөcү Мирлан Ураимовду сот бийликти басып алууга чакырык жасоо боюнча бир жылга кескен.

Коррупционер-эксперттер

2025-жылы декабрда УКМК Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты кызматкерин коррупцияга айыптап кармаган. Мекемеден врачтар баңгизат даярдоого шектелген кыздын иши боюнча
экспертиза жүргүзүп, кыздын үй-бүлөсүнөн 1,5 млн сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн эки жолу аны акыл-эси жайында эмес деп жыйынтык чыгарышканын билдиришкен.

Сүрөт: УКМК
Жанна Караева менен Жекшенбек Аралбаев

Кармалган эксперттердин экөө — Жанна Караева менен Жекшенбек Аралбаев — прокуратура басылманын юридикалык жактарынын бирин жоюуну талап кылган «Клооптун» ишинде фигурант болушкан. Булардын экспертизасы мамлекеттик айыптоого негиз болгон.

Экспертизанын текстинде эксперттер анализдеген «Клооптун» материалдарынан бир дагы цитата жок, ал тургай кайсы материалдар анализденгени дагы так жазылган эмес. Авторлор бир дагы маалымат базасына, бир дагы илимий макалага таянган эмес.

Буга карабай, сот медианын юридикалык жактарынын бирин жоюп салган.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоо менен, Кыргызстандын азыркы бийлиги соттук экспертизалар тутумунда көйгөйлөр бар экенин биринчи жолу ачык мойнуна алып отурат.

Анткен менен, бийлик азырынча ушул же башка адистер даярдаган корутундулар боюнча иликтөө же экспертизаларды кайра кароо, бул тармакта реформа жасоо боюнча демилге кыла элек.

Казакстандык «чөнтөк» эксперттер

Экспертизаны саясий курал катары колдонуу Борбор Азия үчүн жаңылык эмес. Укук коргоочу Бахытжан Торегожинанын айтымында, Казакстанда бийликке сын айткандарга каршы күрөшүү үчүн экспертизалар колдонула баштаганына 20 жылга жакындады.

«Эгерде алар [бийлик] кимдир бирөөнү камагысы келсе же иштин материалдарында буйрутма бар болсо, мындайда экспертиза жигердүү пайдаланылат», — дейт Торегожина.

Анын айтымында, сот эксперттердин айыптоого негиз боло турчу корутундуларын пайдаланат, жана көбүнчө айыпталуучулар «чөнтөк» эксперттердин жардамы менен колонияга кесилет.

Мындай эксперттердин бири — Роза Акбарова. Ал мурда Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалар борборунда иштечү. Азыр деле ушул тармакта иштейт, бирок «Альянс көз карандысыз соттук экспертизасы» деп аталган жеке компанияны жетектейт.

Роза Акбарова

Акбарова Казакстандагы резонанстуу иштердин бери дегенде бир нечесинде эксперттик корутунду чыгарып берген. Бул иштердин баарында негизги далил деп экспертиза саналган.

Казакстандык ЖМКлар билдиришинче, Акбарованын экспертизаларынын негизинде, 2012-жылы, каттоодон өтпөгөн «Алга» оппозициячыл партиясынын лидери Владимир Козловду сот 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Козлов социалдык ажырымды козутуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоо, уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө айыпталган. Арадан төрт жыл өткөндөн кийин, ал мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

2018-жылы Акбарова менен анын кесиптештеринин эксперттик пикиринин негизинде, оппозициячыл саясатчылар түзгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы экстремисттик деп табылган өкүм чыккан.

Соттук отурумга кыймылдын өкүлдөрү катышкан эмес, болгону мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен эксперт Акбарова катышкан.

«Эксперттердин корутундусу Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин түшүндүрмөсү жана Юстиция министрлиги, Казакстан Республикасынын Маалымат жана коммуникация министрлигинин пикири, ошондой эле иш боюнча аныкталган башка обьективдүү маалыматтар менен макулдашылган», — деп айтылат соттун чечиминде.

Европарламент «Казакстандын демократиялык тандоосу» «тынчтык» кыймылына каршы антиэкстремисттик мыйзамды кыянат пайдаланууну сынга алган.

Сүрөт Альнур Ильяшовдун фейсбук барагынан алынды.

2020-жылы июнда Акбарованын экспертизасы жарандык активист Альнур Ильяшевдин ишинде күнөөнүн негизги далили болгон. Ильяшев соцтармактарда бийликтин Nur Otan партиясын коррупция үчүн жана компетенттүүлүгү жеткиликсиз деп сындаган — мындай жыйынтыкты «Адилеттүүлүк үчүн» Клуни Фонду укук коргоочу уюмунун эксперттери чыгарган болчу.

Акыры сот Ильяшевди «өзгөчө кырдаал абалында коомдук тартипке коркунуч жараткан жалган маалыматты атайылап таратуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратылсын деген өкүм чыгарган. Ошондой эле, беш жылга коомдук жана публикалык иштер менен алектенүүгө тыюу салынган.

«Альнур Ильяшев эч кандай кылмыш кылган эмес. Ал болгону өзүнүн көз карашын билдирген, аны бийлик жана бийликтин “эксперттери” кылмыштуу жосун деп таап, катуу жазалашкан», — деп билдирген Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хеза Макгилл.

Орусиянын тажрыйбасы: «Сатылма эксперттер»

Орусияда бийликти сындагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууда экспертизаларды колдонуу тээ 90-жылдары эле башталган, бирок 2007-2008-жылдары жигердүү ишке кирген. Мындай пикирин соттук экспертизаларды анализдеген Дмитрий Дубровский билдирген.

Орусияда дагы мурда мыйзам Кыргызстандагыдай иштечү — тергөө аккредитациясы бар дагы, жок дагы эксперттерди ишке тартчу.

Дубровскийдин айтымында, бийлик бул мүмкүнчүлүктү жигердүү пайдаланып, ал тургай тергөө «сатылма эксперттерди» — ар кандай иштерге такай чакырылган адистердин тизмесин пайдаланган салт пайда болгон. Ошол эле учурда, илимий коомчулук аларды катарына кошчу эмес, бирок соттор буга маани деле беришчү эмес.

Наталья Крюкова

«Бир дагы илимий макаласы жарык көрбөгөн Н.Н.Крюкова жүздөн ашык соттук экспертиза чыгарган — порнографиядан тартып, укуктук радикализмге чейин. Бардык экспертизаларында Крюкова тергөөнүн позициясы менен макул болгон — позиция илимге, жок дегенде акыл-эстин нормаларына туура келеби же жокпу, аны кызыктырган эмес», — деп жазат Дубровский, өзү жетектеген окумуштуулар жана эксперттер коомчулугунун Amicus Curiae сайтында.

Ал эми Крюкова — матемитика мугалими жана педагогика илимдеринин кандидаты.

«Крюкованын авторлошу, культурологиянын доктору В.И. Батов Улуттук-большевисттик партиясынын мурдагы 12 мүчөсүнүн иши боюнча отурумда “дайыма эле буйрутма берген тарап каалагандай экспертиза” жасап берерин мойнуна алган», — дейт Дубровский.

Дубровскийдин айтымында, мындай «сатылма эксперттер» бир нече гана болсо да, «москва прокуратурасы аларды аябай жакшы көрчү».

«Алар дайыма, сандырак корутундуну тез арада жазып беришчү, бирок ал эч кимди кызыктырган эмес», — дейт ал.

Дмитрий Дубровский

2021-жылы мыйзамдар өзгөртүлө баштаганда, экспертизанын айрым түрлөрүн мамлекеттик соттук-экспертиза уюмдары гана жүргүзүүгө акылуу болуп калган. Бул соттук экспертизаны бийликти сындагандарга каршы курал катары колдонууну мурдагыдан дагы күчөткөн.

«Бул [мамлекеттик эмес эксперттердин корутундусу] ушундай сандырак болгондуктан, судья дагы ыңгайсыз абалда калчу. Күч органдары деле ушуну кылат, бирок салыштырмалуу ыймандуу көрүнөт [...] Азыр мунун баары эми мамлекетке карайт жана эч кимге актоочу өкүм чыкпайт», — деп түшүндүрөт Дубровский.

Мамлекеттик пропаганда үчүн жасалган экспертизалар

Репрессивдүү режимдер экспертизаларды саясий куугунтук үчүн колдонууга машыгып жаткан чакта, Кыргызстандын бийлиги бул ыкманы дагы кайсы тармакта, кандай максатта колдонсок деп баш катырып жаткандай.

2025-жылы сентябрда өкмөтчүл-пропагандалык ютуб-каналдардын бири «Каганат Медиа» «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшиндин видео-колонкасын талдаган ролик жарыялаган.

Бул ютуб-канал көз карандысыз медиа, журналисттер, активисттер, оппозиция өкүлдөрү жана башка бийликке сын айткан жарандар тууралуу роликтерди көп чыгарат. Бирок бул жолку сюжети өзгөчө — баяндоонун сүрүн күчөтүп, салмагын арттыруу үчүн авторлор «эксперттин» пикирин кошуп, видеону дагы анын пикиринин айланасында даярдашкан. Кудум эле, саясий мотивде козголгон иштерде тергөө айыптоону эксперттин корутундусунун айланасында даярдагандай.

Эксперт катары Арсланбек Камчыбеков аттуу адам сүйлөгөн. Роликте аны Кыргызстандагы жалгыз, адистешкен профайлер деп аташкан. Бирок кайдан жана ким тарабынан адистешкени — белгисиз. Соттук эксперттердин расмий реестринде анын аты-жөнү жазылган эмес.

Камчыбеков Тухватшиндин УКМК тарабынан мурда кармалганда токмоктолгону тууралуу видеосуна комментарий берген. Анын «эксперттик» пикирин басылманын тең негиздөөчүсүнүн айткандары чындыкка дал келбейт, «камера алдында ойногону окшошпой жатат» дегенди «далилдеш» үчүн колдонушкан.

«Камчыбековдун айтымында, олуттуу манипуляторду анализдеш үчүн беш мүнөт же андан ашык убакыт кетет, бирок “Клооптун” жетекчисинин психологиялык портретин түзүүгө адис болгону бир мүнөткө жетпеген убакыт сарптады», — дейт роликтин алвп баруучусу.

Ошол эле учурда, Камчыбеков анализдеген видео 28 мүнөткө созулган, ал эми Тухватшин жалган айтып жатканынын негизги далили — көзүн тез-тез ирмеп жатканы.

«Стресс абалындагы адам көзүн тез-тез ирмеп баштайт. Эмне себептен стресс болот? Ушундай жалган маалыматты айтып жатканы үчүн», — дейт Камчыбеков.

Роликти көрүүчүлөр деле анча көп болгон эмес, болгону 600дөн бир аз ашыгырак адам көргөн. Бирок бул, өз кезегинде, бийлик аябай жакшы көргөн ыкмасын дагы кайсы жерге колдонсок деп изденип жатканынан кабар берет. Болбосо, сот адилеттүүлүгүн орнотуу үчүн пайда болгон экспертиза ыкмасы, акыры бийликтин каары түшкөндөргө каршы саясий куралга айланып отурат.